Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бала гигиенасы жана тамактануусу

Идиш-аякты тазалыкта кармоо

Гигиенанын негизги эрежеси - таза идиш-аяк, анткени аларды кир бойдон колдонсо, андагы тамак-аш менен бирге организмге көптөгөн микробдор кирет. Идиш-аяк майдан, көөдөн, тамактардын калдыктарынан тазаланбаса, анда микробдун көбөйүшүнө жакшы шарттар түзүлөт. Идишти тазалаганда, тазалоочу заттар колдун терисине кир, суу, ар кандай терс таасир тийгизет. Эгерде айым колдун көркүн бузбайм десе, анда резина мээлей кийсе болот.

Эстетикалык тарбия

Балдарды эстетикалык жактан тарбиялоо эстетикалык сезимин, көркөм сезимдерин жана ар тараптуу чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган. Ал үй-тиричиликте, эмгекте, ошондой эле окууда иш жүзүнө ашырылат жана искусстводогу, эмгектеги, жаратылыштагы жана күндөлүк турмуштагы сулуулукту түшүнүүгө жардам

Коомдогу мамилелер жөнүндө түшүнүк

Илгертен баштап эле адам баласы топ-тобу менен жашап, жырткычтардан бирге коргонушуп, бирге аң улоого чыгып, бирге балдарын багышкан, коомдук жашоого ээ болгон. Коомдо жашаган ар бир адам белгилүү милдеттерге жана укуктарга ээ болот. Ошол милдеттер жана укуктар коомдук мамилелердин маңызын түзөт. Адамдардыкындай эле коомдун көптөгөн муктаждыктары бар. Коомдук муктаждыктар айрым учурда гана жекече адамдын муктаждыгына шайкеш келбесе, көбүнесе коомдун кызыкчылыгы көп адамдын

Эмгек жана дене тарбиясы

Балдар эмгекке ак ниет мамиле кылууну, аларда жакшы адаттарды иштеп чыгууну, ишти билүү менен тапшырылган жумушту аткарууну, жалпы иш үчүн жоопкерчилик сезимди өнүктүрүүнү өздөштүрөт. Ошол эле убакта эмгек тарбиясы эмгекке даярдыкты аларда ийгиликтүү эмгек ишмердиги үчүн зарыл болгон эрктик сапаттарды калыптандырууну, эмгектенүүгө жөндөмдүүлүктү, эмгек тартибин, уюшкандыкты, жана башканы ичине алат. Иштеп үйрөнүү өз алдынча ачык - айкын максат

Эс - акыл тарбиясы

Балдарды бардык тараптан өнүктүрүүдө эс - акылды тарбиялоо маанилүү орунду ээлейт. Ал балдарды билимдер менен куралдандырып, аларда дүйнөгө илимий көз караштын негизин калыптандырып, алардын ойлоосун, билимин арттыртат жана чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрөт, акыл эмгегинин маданиятын иштеп чыгуусун камтыйт. Эс-акыл тарбиясынын милдети бул окуучулардын

Эмчектеги баланы тамактандыруу

Эмчектеги бала тамакты көп талап кылат, бирок тамак сиңирүү аппаратынын жетиле электигине байланыштуу, аны сиңирүүсү начар болот. Ошондуктан эмчек сүтү бир жашка чейинки баланын организми үчүн керектүү заттарга ээ, сиңимдүү азык болуп саналат. Эмчек сүтүнүн өлчөмү жана сапаты эненин тамактануусуна жараша болот. Бала эмизген энеге атайын диета талап кылынбайт; түрдүүлөп жана көнгөн тамак-ашы

Ден-соолукту чыңдоо

Азыркы жашоо шартында, жылуу үйдө жашаган, машинеге түшкөн, кир жуучу машинаны колдонгон адамдын организми “бакма” болуп калды. Ошондуктан берилген ден - соолукту адам чыңдабаса, аны жоготуп алышы мүмкүн. Суу, аба, күн жана кыймыл организмди чыңдоонун негизги каражаттары болуп саналган соң, муздак абага жана сууга көнүгүү абдан пайдалуу аракеттер. Төмөнкү температура зат алмашууну тездетет, организмдин коргонуу мүмкүнчүлүгүн күчөтөт. Муздак аба жана муздак суу процедурасын дайыма колдонгондо

Ден соолуктун бузулушунун алдын алуу

Ден-соолук - жашоо тиричиликте баа жеткис чоң байлык. Ден-соолуктан ажыраган адамзат коому өнүкпөйт, артта калат. Ден-соолукту сактоо, аны акылдуулук жана сарамжалдуулук менен пайдаланууну үйрөнүү жана балдарды үйрөтүү ар бир ата-эненин милдети болуп саналат. Тажрыйба көрсөткөндөй, оорулуулар үчүн ооруканаларды курганга караганда, алдын алуу иштерин жүргүзүү, турмуштун санитардык-гигиеналык шарттарын жакшыртуу жана калкты иче турган таза суу менен

Бир жаштан эки жашка чейинки балдардын тамактануусу

1 жаш - 7 айдан баштап балдар өзүн-өзү тейлегенге, ошондой эле өз алдынча тамак жегенге аракеттенет. Бала өз алдынча тамактанганды баштаганда тегерек-чекесине төгүп - чачпаганга, өзүнүн үстүнө караганга үйрөтүү зарыл, болбосо кийин үйрөтүш татаал болуп калат, анткени чоңоюп калган бала өзү тамактангандан эригип чоң кишилер тамак беришин

Дененин гигиенасы

Дененин гигиенасы теринин таза болушун талап кылат, себеби тиричиликте анын мааниси чоң. Тери организмди сырткы чөйрөнүн таасиринен, микробдордун киришинен сактайт, газдардын жана жылуулуктун алмашуусуна катышат. Териде көптөгөн май жана тер бездери бар. Алардан бөлүнүп чыккан май теринин үстүн майлап, анын ийкемдүүлүгүн жана бир бүтүндүүлүгүн камсыз кылат. Тер менен бирге

Сайтка жарнама жайгаштыруу