Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Биографиялар

Подписаться на эту рубрику по RSS

Жунусов Масхуд

(1919-жылы туулган, Каракол ш.) - философ, философия илимдеринин доктору (1956), профессор (1957). 1940-жылы КМПИнин биология факультетин бүтүрүп, аспирантурада окуган. 1941—43-жылы Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. СССР Илимдер Академиясынын Кыргыз филиалынын Тил, адабият жана тарых институтунун улукКененирээк...

Жумагулов Сексеналы

(1911, ТарСуу айылы, Кемин району) - мамлекеттик ишмер. 1929—33-жылы Ташкендеги Орто Азия жумушчу факультетинде окуган. Андан соң «Тар-Суу» (Кемин району) к-зунда эсепчи, Чоң-Кемин орто мектебинде мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы, Кичи-Кемин мектебинде директор. 1937—40-жылы Кемин райондук элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы. 1940-жылдан партиялык кызматта. Кыргызстан КПнын Кемин райкомунун уюштуруунускоо бөлүмүнүнКененирээк...

Жунушов Асанкадыр

(1949-жылы туулган, Тоң району, Бөкөнбаев айылы) - ветврач, ветеринария илимдеринин доктору (1991). 1972-жылы Кыргызстан мамлекеттик айыл чарба институтунун ветеринария факультетин бүтүргөн. 1972—78-жылы Кыргыз мал чарба жана ветеринария илимий изилдөө институтунда улук илимий кызматкер, 1978—79-жылы Кыргызстан жаштар союзунун борбордук комитетинде бөлүм башчы, 1979—87-жылы Кыргыз ССР министрлер советинде улук референт, бөлүм башчы.Кененирээк...

Жумагулов Апас

Жумагулов Апас(1934-жылы туулган, Аламүдүн району, Арашан айылы) - мамлекеттик ишмер. Кыргызстан инженерлер академиясынын академиги (1992). Геология-минералогия илиминин кандидаты. Москвадагы И. М. Губкин атындагы нефть-химия жана газ өнөр жайы институтун, КПСС Борбордук Комитетинин алдындагы коомдук илимдер академиясын бүтүргөн. Эмгек жолун 1958-жылы СССР Илимдер Академиясынын комплекстүү Түпггүк геологиялык экспедициясынын лаборантыКененирээк...

Жаркымбаев Казак

Жаркымбаев Казак(1911, Ысык-Көл району, Таштак айылы -1969, ошол эле жер) - советтик Союз. Баатыры (24.03.1945). 1941-жылдын июлунан Кызыл Армияда. 1944-жылы январдан согушка кирген. 288-гвардиялык аткычтар полкунун (2-Украина фронту, 5-гвардиялык армия, 95-гвардиялык аткычтар армиясы) наводчиги, гвардиянын кенже сержанты. жылы Днестр дарыясын Бугор кыштагынын тушунда (Молдавия, Григопольский район)Кененирээк...

Жоошбай Борсол уулу

(1840, Тоң району, Дөң-Талаа айылы —1919, ошол эле жер) - эл куудулу. Анын куудулдук өнөрү элге агасы Байсерке манап менен иниси Момо ажыга мейманга келген «мыктыларды» куйкум келекелөөдөн» таанылып, атагы чыга баштаган. Кийинчерээк анын айрым манаптарды, байларды, молдолорду, дегеле калыстыктан тайып, ашкере кеткендерди, терс кылык-жоруктарды мазактаган, мыскылдаган куудул жоруктары, курч сөздөрү эл арасына кеңири тараган.Кененирээк...

Жанкорозова Алиман

Жанкорозова Алиман1916-жылдын 31-декабрында Ысык-Көлдүн чыгышындагы Түп районуна караштуу Сары-Тологой айылында төрөлгөн. «Кичине чагымда эле кыздарга мүнөздүү уяңдык, кысылып-кымтылгандык, тартынчаактык менде жок эле. Тескерисинче, эркек баладай тентек да, элпек да элем. Айылдагылар атам Жанкорозду аябай кадырлашчу, анын адамга кайрымдуулугу, боорукердиги, «өз, жат » деп болбогон калыстыгы, ичине кир сактабаган ачык – айрымдыгы ошончолукка жеткириптир» - Алиман апанын эскерүүсүнөн.Кененирээк...