Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Медицина

Подписаться на эту рубрику по RSS

Эпидемия очогу

Эпидемия очогу — жугуштуу оорулуу же оору козгогуч алып жүргөн адамдын жашаган жайы, жери (үйү, иштеген мекемеси жана башкалар). Эпидемия очогу жугуштуу оорунун булагы болгондуктан ал калк арасында таралышында чоң роль ойнойт. Эгерде оорулуу врачка эртерээк кайрылбаса, өз убагында өзүнүн тегерегиндеги соо кишилерден бөлүнбөсө, туура, жакшы дарыланбаса оору узакка созулуп же өнөкөт түргө айланат. Оорулуу анын козгогучтарын алып жүрүп, аларды организминен тышкаКененирээк...

Эпидидимит

Эпидидимит — эн безинин кошумчаларынын сезгениши. Эпидидимит эн безине ага жанаша органдардан (простата бези, табарсык, заара чыгуучу канал) урук түтүгү аркылуу же кан жана лимфа агымы менен инфекция киргенде болот. Калтанын жабыркашы, муздап калуусу (муздак сууга түшүү) жана башкалар бул ооруга түрткү берет. ЭпидидимиттеКененирээк...

Эргежээл (манизм)

Эргежээл (манизм) — эң кичине бойлуу киши (эркегинин бою 130 см, аялдыкы 120 смден төмөн). Эргежээл көбүнчө ички секреция бездеринин (гипофиз, калкан бези) функцияларынын бузулушунан, мээнин түрдүү шишиктеринен, инфекциялардан (мисалы, энцефалиттер, менингит жана башкалар), травмадан болот. Эргежээлдин дене түзүлүшү пропорциялуу, кичине баланыкындай, бирок бети бырышып, картаңдай болуп турат, жыныс бездери жетилбейт. Кээде эргежээл (пропорциялууКененирээк...

Эризипелоид

Эризипелоид — чочко тилмесинин бактериялары пайда кылган жугуштуу оору. Негизинен бул ооруну чочколор жана тайыз сууда жашоочу балыктар таратышат. Эризипелоид чочкону сойгондо же балыкты тазалаганда колдогу ачык жараат, тилинген, кесилген же чийилген жер аркылуу, ошондой эле кылкандар менен колду сайыл алганда жугат. Эризипелоид менен көбүнчө эт жана балык комбинаттарында иштеген жумушчулар, үй кызматкерлери оорушат. Оорулуу адамдан соо кишиге бактерия жукпайт. Эки-үчКененирээк...

Эритразма

Эритразма — теринин анча жугуштуу эмес өнөкөт оорусу. Эритразманы микроскопиялык козу карындарга окшош бактериялар пайда кылат. Алар колтукта, чурайда, эмчек астында мителик кылат. Эритразмага көп тердөө, абанын ысык, нымдуу болушу, өздүк гигиена эрежелерин сактабоо түрткү берет. Эритразмада кызарган так пайда болуп, улам чоңоёт. Балдарда эритразма кездешпейт. Ооруну дарылабаса жылдап созулат, өз алдынча дарылануудан күчөп, сезгенет. Ооруну врач дарылайт.

Бирок ооруга түрткүКененирээк...