TYUP.NET
Катталуу
Кирүү
Ак кайың (ыр) макаласын оңдоо, толуктоо, тактоо
Ак кайың (ыр) СөзүС. Жусуевдики ОбонуР. Абдыкадыровдуку Көрүнүп көзгө дапдайын, Көчөдө жалгыз ак кайың. Калтырап турат сумсайып Кар басып бутак-шактарын. Ал эстейт жайдын кечтерин, Атырды гүлдөр сепкенин. Кыз-жигит келип түбүндө, Кыналып тургап кездерин. Көңүлгө көңүл кезигип, Көңүлдөн көңүл эзилип. Какканы эки жүрөктүн, Кайынга турчу сезилип. Ак карды азыр жамынып, Аяздан жүдөп кайыгып. Жалдырап турат ак кайың, Жаз менен жайды сагынып.
Бөлүмдөр
Макала жайгаштыруу
Жарнама жайгаштыруу