TYUP.NET
Катталуу
Кирүү
Бор жер семирткич макаласын оңдоо, толуктоо, тактоо
Бор жер семирткич — курамында бор (В) микроэлементи бар химиялык бирикмелер. Топурактын түрүнө жараша 1 килограмм топурактын составында 1,5-150 миллиграмм бор болот. Бор жер семирткичтери өзүнчө же башка минерал жер семирткичтер менен бирге өсүмдүк өнүп чыкканда же себүү алдында (1 центнер үрөнгө 300-500 грамм) үрөн менен кошо чачылат. Бор жер семирткичтерине бир нече жер семирткич кирет. Борнодатолит жер семирткичи — 2-2,5% бору бар бозомтук күкүм. Гектарына 60 килограммдан колдонулат. Бор-магний жер семирткичи (бормагний-сульфат) — боз күкүм, курамында 13% бор кислотасы (2,27% бор) жана 14% магний кычкылы болот. Магнийи аз жеңил топуракта колдонулат. Бор суперфосфаты — фосфорлуу жана 0,5 пайызга жакын бор бар жер семирткич. Чачуу өлчөмү фосфорго карата эсептелет. Бура-ак кристалл түрүндөгү күкүм, 11% бору бар, сууда жакшы эрийт, себүү алдында үрөнгө чачылат (1 центнер үрөнгө 0,05- 1% дуу 6-8 литр). Бор кычкылы — 17% бору бар ак кристалл. Негизинен себүү алдында үрөнгө чачылат. Бор жер семирткичтерин өсүмдүктүн физиологиялык өзгөчөлүгүн жана бордун топурактагы өлчөмүн эске алуу менен чачуу керек. Дагы караңыз Жергиликтүү жер семирткич
Бөлүмдөр
Макала жайгаштыруу
Жарнама жайгаштыруу