TYUP.NET
Катталуу
Кирүү
Исаев Кусеин макаласын оңдоо, толуктоо, тактоо
(1937-жылы туулган, Ысык-Көл району, Бостери айылы) - экономист, социолог, философия илимдеринин доктору (1984), профессор (1985). КМУну бүтүргөн (1955). 1961—62-жылы КМУнун саясий экономия кафедрасында окутуучу, улук окутуучу. 1969—87-жылы Бишкек политехника институтунун илимий коммунизм кафедрасынын башчысы, 1987-жылдан ошол эле кафедрада проф., Социология жана инженердик психология лабораториясынын башчысы. 1993-жылдан Тилдер жана гуманитардык илимдер мамлекеттик интунун (1994-жылдан Бишкек гуманитардык университети) социология жана саясатты таануу кафедрасынын башчысы, 1994-жылдан Башкаруу жана социология факультетинин деканы. 140тан ашык илимий эмгектин (анын ичинде 10 монография; Зөө авторлош) автору. илимий изилдөөлөрү кыргыз коомунун социалдых маселелерине; социалдык түзүлүштүн, улуттун, билимдин, жапггардын, саясаттын социологиясына арналган. Кыргыз Республиканын социологдор коомунун төрагасы (1991), Эл аралык социологдор ассоциациясынын ынтымакташтыгынын вице президенти (1993). «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.
Бөлүмдөр
Макала жайгаштыруу
Жарнама жайгаштыруу