TYUP.NET
Катталуу
Кирүү
Макал лакаптар жыйнагы (Х) макаласын оңдоо, толуктоо, тактоо
Х тамгасына кыргызча макал лакаптар жыйнагы — бул жыйнакта билим, ден-соолук, адамдар, мекен, жамандык-жакшылык, кыз-жигит, эрди-катын, эл башчылары, жаныбарлар, эмгек, акылдуулук, пайда-пайдасыз, тил, эне-ата, акыйкаттык жана башка көптөгөн турмуш-тиричиликке байланышкан кыргыз эл макал лакаптарын жыйнадык. ul.nav { margin: 0; padding: 4px; } ul.nav li { display: inline; } Мазмуну А Б В Г Д Ж З И К М Н О Ө П С Т У Ү Х Ч Ш Ы Э Достор Х тамгасына болгон макал лакаптар аз, ошондуктан бул бөлүмдү толуктоого силерди чакырабыз, пикир жазуу формасына Х тамгасынан башталган макалдарды кошсоңуз болот. Заманбап, жаңы макалдар дагы жаза бергиле, макалар элдики. Х Хан болбосо эл уюбайт. Хан кайда барса нөкөрү калбайт. Хан кебине кайруу жок. Хан койнунда калтыраганча кул койнунда кутуруп жат. Хан сарайы — кылычтын мизи, камчынын күчү. Хан тартуусу — тогуз. Ханды кудай ураарда катыны менен кабышат, эли менен чабышат. Хандын каарынан сактан, каракчынын доосунан сактан. Хандын кызы кашык кармаса колу жооруйт. Ханы кайрымдуу болсо, калк башына бак конот.
Бөлүмдөр
Макала жайгаштыруу
Жарнама жайгаштыруу