TYUP.NET
Катталуу
Кирүү
Психологиялык климат жана ырктуулук макаласын оңдоо, толуктоо, тактоо
Психологиялык климат ырктуулук мамиледе айрыкча ачык көрүнөт. Психологиялык жагдайды түзгөн жубайлар, чыгармачылык жана социалдык иштерин толук жүзөгө ашырып турган үй-бүлөнүн ынтымагы эмеспи. Мына ушул гармонияны психологиялык ырктуулук шарттап турат. Ырктуулук дегендин өзү эмне? Үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири-бирине болгон каалоолору, мамилелери. Ырктуулуктун негизинде, үй-бүлө мүчөлөлөрү өз ара бири-бирин жакшы түшүнүүгө, бири-биринин кемчилигин да, жакшы жактарын да мыкты билүүгө алып келет. Жөндөмдүүлүктү, жакын адамындын жакшы жактарын көрө билүү андан идеалдуулукту байкоо, адам болгон сон анын дагы кемчилиги болбой койбой турганына түшүнүү - мына ушулардын баары үй-бүлөдөгү ырктуулуктун чыныгы көрүнүшү болуп саналат. Ырктуулуктун калыптанышы үчүн критерийлердин, баалоолордун окшоштугу ой жүгүртүүлөрдүн бири-бирине дал келип турушу чон мааниге ээ. Мисалы: кызы же уулу капаланып келди. Ата-энелердин кээ бири ыгы жок суроолорду жаадырат, кээси сабырдуулук менен мамиле кылат. Бул жерде ырктуулук кайсы, ырксыздыгы кайсы?1.Кыз үйгө капалуу келди. - Кызым сага эмне болду? Кызы унчукпайт. - Бирөө менен уруштунбу? Жооп бербейт. - Сен эмне, менин сөзүмдү уккан жоксунбу? Токтой турчу апа бир аз. - Сен эмне үчүн мага эч качан ачыгын айтпайсын ыя?2.Кызы үйгө капалуу келди. Атасы ага кайрылды. - Кызым сага эмне болду? Жооп бербейт - Эч нерсе эмес капаланба. Баары жакшы болот. Тынчсызданба. - Сен аябай боорукерсин. Рахмат, атаке! Ата энелердин кимиси чыдамкай жана кимисиники туура? Үй - бүлөдөгү ырктуулуктун көрсөткүчү төмөндөгүлөр: - Үй-бүлөнү сактоо;-Психологиялык кам көрүү;-Ишенимдүүлүк;-Коргоочулук;-Пикир алышуу, сырдашуу.
Бөлүмдөр
Макала жайгаштыруу
Жарнама жайгаштыруу