TYUP.NET
Катталуу
Кирүү
Төрөкул Айтматов макаласын оңдоо, толуктоо, тактоо
Төрөкул Айтматов (1903, Шекер айылы, Кыргызстан, 1938-жыл, 5-ноябрь, Чоң-Таш) — советтик партиялык жана мамлекеттик ишмер, Кыргызстан Коммунисттик Партиясынын Борбордук Комитетинин 2-катчысы, Кыргыз АССР соодасынын эл комиссары. Төрөкул Айтматов Төрөлгөн датасы1903-жыл Төрөлгөн жериШекер айылы, азыркы Талас облусу, Кыргызстан, муруңку Кыргыз АССР, РСФСР, СССР ПартияБРКП [орусча РКП(б)], ББСКП [орусча ВКП(б)] БилимиИ. В. Сталин атындагы Чыгыш эмгекчилердин коммунисттик университети (1925) ЖубайыНагима Айтматова Атылган датасы1938-жыл, 5-ноябрь Атылган жериЧоң-Таш айылы Коюлган жери«Ата-Бейит» мемориалдык комплекси Өмүр баяны 1903-жылы Талас облусунун Айтматов районунун Шекер айылында (№ 5) кыргыз үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Ошол эле жылдары Төрөкул, атасы менен Казакстандагы темир жолду курууга катышкан, орустар менен кыргыздар ортосунда котормочу болуп да жүргөнү анык. Мунун баары болгону 11-12 жашында болгон. Роза Айтматованын айтуусу боюнча орустар Төрөкулдун зээндүүлүгүн байкап, бул баланы окутуш керек деп, Төрөкулдун атасы Айтматка айткан экен. Ошондон кийин 1914 — 1915-жылдары (кээ бир маалыматтар боюнча 1928-жылдары) Олуя-Ата (Аулие-Ата) реалдуу орус-тузем мектебинде окуган. 1920—1921-жылдары Кукурьевск волосттук кеңештин аткаруу комитетинде катчы болуп эмгектенген (Түркстан АСРРи). 1921-жылы Ташкенттик партиялык мектепке тапшырып, ошол эле жылы Москвага жөнөтүлүп, мында ал 1921—1925-жылдары И. В. Сталин атындагы Чыгыш эмгекчилердин коммунисттик университетинде окуган. 1925-жылы большевиктердин Россия коммунисттик партиясына (мындан ары: БРКП) [орусча РКП(б)] кирген. 1925-жылдан тарта Кыргыз автономдуу облусунун, облустук БРКП комитетинин үгүт-пропаганда бөлүмүндө иштеген: нускоочу, башчынын орун басары, бөлүм башчысы (1925-жылдын ноябрынан тарта). 1926-жылдын май айынан тарта — большевиктердин Бүткүл союздук коммунисттик партиясынын [мындан ары ББСКП, орусча ВКП(б)] кантон комитетинин жооптуу катчысы: Каракол кантону, 1927-жылдын мартынан — Жалал-Абад кантону (Кыргыз АССРи). 1929-жылы (ноябрь айына чейин) — Кыргыз АССРинин соодасынын эл комиссары. 1929-жылдын ноябрынан 1931-жылдын апрель айына чейин — Кыргыз АССРинин эл чарбасынын Борбордук Кеңешинин төрагасы, андан кийин (1933-жылдын сентябрына чейин) — жооптуу катчы, Араван-Бура райондук ББСКП комитетинин 1-катчысы. 1933-жылдын сентябрынан 1935-жылга чейин — Кыргыз ББСКП облустук комитетинин 2-катчысы. 1935-жылдан тарта Москва шаарындагы Кызыл профессура институтунда окуган. 1937-жылдын 15-сентябрында окуусунан националист деп чакыртылып анын партияга таандык же кайсы партияда экендиги жөнүндөгү маселени чечүү үчүн Москвадан кармалып, Фрунзеге жөнөтүлгөн. 1937-жылдын декабрь айындагы №198-буйрук-ордер менен камоого уруксат берилген. Ошентин, камакта 1 жылдай жатат. 1938-жылдын 4-ноябрынын түнкү саат 11:05те сот болуп 25 мүнөттүн ичинде Төрөкул Айтматовдун тагдыры чечилип, атууга өкүм чыгарылган. 1938-жылы (башка маалыматтар боюнча 1937) 5-ноябрда атылган (34 жаш). 1958-жылы реабилитацияланган. «Социал-Туран парсиясынын лидерлеринин бири» деген негизги айып менен айыпталган. Чыңгыз Айтматов: «...атамдын жайына топурак сала албадым, мен анын элесине өзүмдүн "Жер эне" повестимди гана арнай алдым...» Абыканова Бүбүайранын айтуусу менен 1938-жылы Чоң-Ташта атылган 19 ар улуттан турган 137 кыргызстандыктардын калтыктары 1991-жылы табылып, ошол эле жылдын 30-августунда «Ата-Бейит» мемориалдык комлпексине жерге берилген. Анын ичинде Төрөкул Айтматов дагы болгон (Репрессия жөнүндө макаласын караңыз). Чыңгыз Айтматов атасынын коюлган жерин көпкө чейин издеп, 90-жылдары гана таап, өзүн атасынын жанына коюуусун аманат кылган. 1938-жылдын 5-ноябрь күнү Төрөкул менен кошо, Жусуп Абдрахманов, Мурат Саалихов, Осмонкул Алиев, Баялы Исакеев, Касым Тыныстанов, Эркинбек Эсенаманов, Иманалы Айдарбеков сыяктуу көптөгөн кыргыз чыгаандары атылган. Үй-бүлөсү Жубайы (1925-жылдын сентябрь айынан тарта) — Абдувалиева (Айтматова) Нагима Хамзиевна (7-декабрь 1904 — 10-август 1971) Улуту боюнча татар. Балдары: Чыңгыз (1928—2008) — кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын баатыры (1997), Социалисттик Эмгектин баатыры (1978); Ильгиз (1931-ж. т.), окумуштуу, СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1989); Люция (Люся) (15.12.1934 — 1997) - энергетик; Розетта (Роза) (1937-ж. т.) — физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, педагогикалык институттун проректору, кыргыз аялдар кыймылынын ишмери. Түбөлүктөө Төрөкул Айтматов атындагы Шекер айылындагы мектеп (1993?) Ошол эле мектепте бюсту
Бөлүмдөр
Макала жайгаштыруу
Жарнама жайгаштыруу