TYUP.NET
Катталуу
Кирүү
Жарамазан макаласын оңдоо, толуктоо, тактоо
Кыргыз элинде "жарамазан" айтууда жаш жигиттер түн ортолоорунда чогулуп алышып, бардыгы өгүз, эшек, ат минишип, бир ырчы-акынды ээрчишип, айылды, түндү түрө кыдырышып, көбүнчө зоор маалында, айрыкча, малдуу, оокат-кечелүү үйлөрдүн эшигине тура калышып, уулун, кызын, небере-чөбөрөлөрүн тиешелүү жагымдуу сөздөр аркылуу макташкан. Башка улуттардын жарамазан ырдоолоруна караганда кыргыздардыкы динге анча аралашпай, өтө угумдуу келип, уйку-соодогу адамдарды көшүлтүп, антип мактоонун күчтүүлүгүнөн көгөндөгү козу-улактардан чечип берүүчүлөр чыккан. Тай жетелетип, торпок айдаткан. Айрым сараң байларды ошол замат кордоп кетүүлөрү болгон. Жарамазанды орозонун он бешинен кийин айтат. Илгери аны акындар-жамакчылар ар кимиси өз деңгээлине жараша айткандыктан, жарамазан ар кайсы жерде ар түрдүүчө сакталып калган. Жарамазан айтуу - бул диний осуяттарга кирбейт. Андыктан аны элибиздин улуттук өзгөчөлүгү катары кастарлаганыбыз жөн.***"Ушул үйдүн түндүгү кайың бекен?Бизге берер жоолугу дайын бекен?Ушул үйдүн түндүгү арча бекен?Бизге берер жоолугу парча бекен?Үйүң-үйүң үй экен,Үйдүн көркү чий экен.Саба көркү бээ экен,Сандык көркү жүк экен.Жарамазан айткандын жайы бардыр,Жайып алган куруттун майы бардыр.Орозобуз кудайга жооп болор,Жарамазан айтканың сооп болорКурут берсең туруп бер,Бети-колуң жууп бер.Бычак берсең кындап бер,Кындап берсең чындап бер.Улак берсең албайбыз,Убалына калбайбыз.Козу берсең чанбайбыз,Койго кошуп айдайбыз.Бука берсең айдап бер,Булкулдатпай байлап бер.Калабаны салбасын,Карынымды жарбасын..." - деп, тамашага чаап ырдайт. Ал эми "жарамазан" айткандарга ырымдап бирдеме берсе, алар бата беришет.***Балдар ай, балдар ай!Байга бата берелик,Байдын көөнү жай болсун,Чайнаганы май болсун!Байбиченин ичкениКызыл памил чай болсун.Кыздарынын кийгениКызыл күрмө шай болсун.Балдарынын мингениКара кашка тай болсун!Не тилесе, Кудай тилегин берсин!Орозосу кабыл болсун!Оомийин!***Жарамазан батасыМиңгениң жорго тай болсун,Ичкениң кызыл чай болсун,Дүнүйөсү шай болсун.Карышкырдай көздүү бол,Адам тапкыс сөздүү бол.Аппак үйүң, ак үйүң чатыр болсун,Ушул үйдө бир уулуң баатыр болсун.Аппак үйүң, ак үйүң ордо болсун,Ушул үйдө бир уулуң молдо болсун.Бай көңүлү жай болсун,Балдарыңдын мингени,Жорго кара тай болсун.Ал желенин башына,Ат жүгүрүп жетпесин,Бул желенин башына,Бут жүгүрүп жетпесин.Бөдөнөдөй төлчүл бол,Бөрү аяктуу жолчул бол.Эр намыстуу элчил бол. Оомийин!***Уулуң күчтүү болсун,Кызың иштүү болсун!Балаңдын атын Жайнак кой,Биринин атын Тайлак кой.Көнөчөккө толтуруп,Кердениңе каймак кой.Каймагыңды жеп койсо,Керегеңе байлап кой!Кызыңдын атын Сырга кой,Кыздын жолу сыйда кой,Чөйчөк толо ууз кой,Бармакка ченеп аш ичсин,Ууздай таза кыз болсун.Сыргасындай шыңгырлууЧоңойгондо уз болсун.Көңүлүңүз жай болсун,Көөнүңүз кызыл чай болсун!Жаңы тууган Ай дагыБатайын деп баратат.Астымдагы тай дагыАзайын деп баратат.Кашымдагы курбум даУктайын деп баратат.Каран калсын кымызы,Кара суусун берсе даУуртайын деп баратат.Ташыркап төрт туягыТайымдын жону талыды.Кар-кар, кар-кар жар айтыпКайран бир үнүм карыды.Калдыратпай табагынКана жеңе ылдам чык."Жарамазан" жарылдапЖан ыргалып турган чак.Кана, кана, канакей,Мен тербелдим мынакей.Өрөгөйдөн сорогой,Жеңекем эркек торогой.Ак кочкордой уулун,Ак бешикке бологой.Жолдугун алып жар айткан,Жолуна түшүп жөнөгөй.Ак бар! Ак бар!Оозумдагыны о Кудай аткар.
Бөлүмдөр
Макала жайгаштыруу
Жарнама жайгаштыруу