TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Абдуллаев Сайфулла Нурмухаметович

Көңүл бургула! Бул барак макаланын 2016-05-27 08:05:09 датасындагы жаңыртылган түрү, учурдагы түрүнөн айырмаланышы мүмкүн.

Алгачкы жайгаштыруу: 2016-05-27 07:34:21

Макаланын тарыхына кайтуу

(1959-жылы туулган, Каракол шаары) - филолог, филология илимдеринин доктору (1993), профессор (1993). 1980-жылы Каракол мамлекеттик педагогикалык институтту бүткөн. 1980—81-жылы «Ысык-Көл правдасы» гезитинде иштеген. 1981-жылы Каракол мамлекеттик педагогикалык институттагы орус тилин окутуу методикасы кафедрасында окутуучу. 1981—84-жылы СССР Илимдер Академиясынын Сибирь бөлүмүндөгү (Новосибирск ш.) Тарых, филология жана философия институтунда аспирант. 1985-жылдан Каракол мамлекеттик педагогикалык институтта (1993-жылдан К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети) орус тили факультет аралык кафедрасынынын окутуучусу, 1993-жылдан ошол эле кафедранын профессору.

Уйгур тилинин грамматикасы боюнча 63 илимий жана илимий-методикалык эмгектин автору, анын ичинде 3 монографиясы бар.