TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Бадыраңга аймакты жана жерди тандоо

Көңүл бургула! Бул барак макаланын 2016-05-29 13:36:17 датасындагы жаңыртылган түрү, учурдагы түрүнөн айырмаланышы мүмкүн.

Алгачкы жайгаштыруу: 2016-05-29 06:31:18

Макаланын тарыхына кайтуу

Бадыраң оңой сиңүүчү азыктардын көп өлчөмүн талап кылат. Ошондуктан семиз, органикалык заттарга бай, сууну жакшы өткөрө турган, жер астындагы суулары терең болгон жер керек. Бадыраңга жеңил чополуу жана кумдуу топурак, же кумдак жер керек; сууну жакшы өткөрбөгөн, муздак, абдан суулуу, жер астындагы суулар топурактын үстүнө жакыныраак жаткан, оор жана кычкыл топурак бадыраң өстүрүүгө көп жарактуу эмес. Топурак канчалык оорураак болсо, түшүм ошончолук кеч жыйналат. Бадыраң туздуу топуракка таптакыр чыдай албайт. Ал көлөкөлүү жерде жакшы өспөйт, ошондуктан жакшы жарык тийген жерди тандоо зарыл.