TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Дүйшалиев Камчыбек

Көңүл бургула! Бул барак макаланын 2016-05-27 13:14:40 датасындагы жаңыртылган түрү, учурдагы түрүнөн айырмаланышы мүмкүн.

Алгачкы жайгаштыруу: 2016-05-27 07:08:59

Макаланын тарыхына кайтуу

(1944-жылы туулган, Тоң району, Бөкөнбаев айылы) - музыка таануучу, искусство таануу илимдеринин доктору (1991), Кыргыз Республиканын маданиятка эмгек сиңирген ишмери (1993). Бишкектеги Күрөңкөев атындагы музыкальпс окуу жайын (1964), Курмангазы атындагы Алма-Ата консерваториясынын тарыхтеориялык факультетин (1971) бүтүргөн. 1971—92-жылы Бейшеналиева атындагы искусство институтунда окутуучу, улук окутуучу, доцент жана профессор. 1992жылдан Кыргыз УИАнын Адабият жана көркөм өнөр институтунун искусство таануу бөлүмүнүн башчысы, 1993-жылдан ошол эле институттун окумуштуу катчысы. 1978-жылдан Кыргыз Республиканын Композиторлор союзунун мүчөсү.

Д. кыргыз музыкасынын теориялык негиздерин иштеп чыккан, музыка таануунун түрдүү жанрлары боюнча иштейт. «Киргизская народная песня» (М., 1982), «Композиторы Киргизии» (авторлош, 1984), «О киргизской народной музыке» (1984), «От съезда к съезду» (1986), «Песенная культура кыргызского народа» (1993) аттуу китептери, кыргыз музыкасы жана музыканттары жөнүндөгү көптөгөн илимий макалалары жарык көргөн.