TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Гисар кою

Көңүл бургула! Бул барак макаланын 2016-08-18 16:22:57 датасындагы жаңыртылган түрү, учурдагы түрүнөн айырмаланышы мүмкүн.

Алгачкы жайгаштыруу: 2016-08-18 06:47:17

Макаланын тарыхына кайтуу

Эт–май багытындагы тегерек куйруктуу, кылчык жүндүү кой породасы. Салмагы боюнча дүйнөдөгү койлордун бирден бир чоңу. Таджикстанда элдик целексиянын негизинде чыгарылган. Жыл бою жайытта багылып, катаал шартка чыдамдуу келет. Жаш төлдөрүнүн чыгымга учурашы аз. Кочкорунун салмагы 130-140 кг, айрымдары 190 кг. Соолук кою 80-90кг, эң чоңу 150кг. Жүнү кыркылып алынат. Кочкорунуку - 1,3-1,6 кг. Соолук коюнуку – 1,0-1,4кг. Алты айлык козусунун салмагы 60 килограммдан ашат. Жүнү: Тыбыт 38–80%, таза жүн 60–70%