TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Каба Атабек уулу

Көңүл бургула! Бул барак макаланын 2016-05-27 16:53:32 датасындагы жаңыртылган түрү, учурдагы түрүнөн айырмаланышы мүмкүн.

Алгачкы жайгаштыруу: 2016-05-27 06:46:55

Макаланын тарыхына кайтуу

(1924-жылы туулган, Тоң району, Төрткүл айылы) - манасчы, Кыргыз Республиканын эл артисти (1995). Он жашынан «Манас» айта баштаган. Анын манасчы катары калыптанышына Саякбайдын таасири күчтүү болгон. К-нын айтуусундагы «Манастын» үзүндүлөрү да, чоң-чоң окуялардын чиелениши жана көркөм образдарынын чечилиши да Саякбайдын вариантына үндөшөт, айтуу манерасында да ага окшонггуктар бар. Белгилүү манасчы Мамбет Чокмор уулу менен да жолугушуп, айрым таалимдерин алган. Ошондой болсо да К. «Манастын» салттык окуяларын жөн эле кайталап айтпастан, анын мазмунун кеңитип, көркөмдүгүн арттырууга аракеттенет. Эпостун андан жазылып алынган үзүндүлөрү Кыргызстан УИАнын кол жазмалар фондусунда сакталып турат.