TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Рахманкул хан

Көңүл бургула! Бул барак макаланын 2016-05-20 09:26:57 датасындагы жаңыртылган түрү, учурдагы түрүнөн айырмаланышы мүмкүн.

Алгачкы жайгаштыруу: 2016-05-20 10:22:48

Макаланын тарыхына кайтуу

Рахманкул хан, Рахманкул Жапаркул уулу (1912, Ош облусу, Чоналай жергеси - 1990) - Кичи Памирдеги Ооганстандык кыргыз калкынын ханы (жыл чамасы 1949-1978). 1947-жылы Шинжанга (Кытай) качкан. Пакистанга улагалаш Минтеке аттуу аймакта кытай чегарачыларын амалдык менен конокко чакырып, аларды олтуруп, курал-жарагын озуно алып, Кичи Памирге отуп кеткен. Озун озу хан которуп, Ооганстанда 1964-жылдан кыргыздардын окулу катары Лоя Жиргага (Чон Жыйынга) катышкан. Озунун 70 минден ашуун кою, 2 минден ашык топозу, 300дей тоо, жылкылары болгон. Чон-чон жайыттарды ээлеп, соода экономикалык карым-катнаштарды да озу козомолдоп турган адам болуучу. 1978-жылы Ооганстанда Апрель тонкорушу женгенден сон коп убакка созулган жарандык согуш ал аймактагы кыргыз калкынын тынчын алып, тиричилигин оордоткон. Рахманкул хандын башкаруучулугу аркылуу ошол жылдын июль айында Памирден 1300 кыргыз эли (280 уй-було) Пакистанга кочуп кеткен. Гильзит ороонунун ысык ошондой эле нымдуу абасы, жут, жугуштуу оорулар, качкын тиричилик кыргыздардын копчулук болугун оор абалда калтырган. 1982-жылы август айында Рахманкул хан 293 тутун (1138 адам) кыргыз эли менен учак аркылуу Туркияга (Ван колунун боюна) кочурулгон.