TYUP.NET
Катталуу Кирүү

танда

Көңүл бургула! Бул барак макаланын 2016-05-20 08:42:57 датасындагы жаңыртылган түрү, учурдагы түрүнөн айырмаланышы мүмкүн.

Алгачкы жайгаштыруу: 2016-05-20 10:35:33

Макаланын тарыхына кайтуу

Созу К. Курманбаевдики

Обону А Бодошовдуку

Агарып (а) асман чыгышы,

Арбыбай айдын жылышы.

Жылдыздар нурун жоготуп,

Улбуроп аран турушу.

Бараткан кезди белгилейт,

Башталып тандын жумушу.

Жеткизип шамал акырын,

Жер-жерге чачат атырын.

Ыргалат кайын, дарактар,

Ырдатып булбул акынын.

Кошулуп булут айланат,

Кордунбу тоого жакынын.

Тундугу уйдун сыйрылып,

Сууктуктан дене жыйрылып.

Коктуда жалгыз кишинейт,

Койчунун аты чыйрыгып.

Сур эркеч тоого кез салат,

Сулуу тер ичин сый кылып.