TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Тоңкулдак

Көңүл бургула! Бул барак макаланын 2016-05-22 07:06:36 датасындагы жаңыртылган түрү, учурдагы түрүнөн айырмаланышы мүмкүн.

Алгачкы жайгаштыруу: 2016-05-22 06:31:07

Макаланын тарыхына кайтуу

Мүмкүн, тоңкулдакты көргөн чыгаарсыңар. Көрбөсөңөр да аны уккандырсыңар: тоңкулдактын тоңкулдатканы дээрлик бардык токойлордон угулат. Анын үнү анча деле жагымдуу эмес, ошентсе да табиятты сүйгөн ар бир адамды кубандырат. Ананчы, тоңкулдактын тоңкулдатканы - демек, зыяндуу курт-кумурскалардын бүлгүнгө учурап жатканы. Дарак болсо өсүшүн андан ары улантат. Дарак өспөй куурап калганда да, зыяндуу курт-кумурскалар башка дарактарга өтпөйт. Тоңкулдакты бекеринен токой дарыгери дешпейт. Ал эртеден кечке чейин иштей берет: дарактын сөңгөгүнө чалгыны жакшы өөрчүгөн куйругу менен таканчыктай, күчтүү эки манжасы менен жабышып алып көзөөч сыяктуу учтуу, күчтүү тумшугу менен бак-даракты тоңкулдатып койгулай баштайт.

Андан кийин узун жана күчтүү, жылма тили менен оюлган тешиктен курт-кумурскаларды терип жейт. Токойлордон кара тоңкулдак, жашыл тоңкулдак, үч манжалуу, чоң, кичине жана орто чаар-ала тоңкулдактар кездешет. Көп кездеше турганы - чоң чаарала тоңкулдак. Бардык тоңкулдактар дарак көңдөйлөрүнө уя салат.