TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Трансплантация

Көңүл бургула! Бул барак макаланын 2021-10-08 09:42:38 датасындагы жаңыртылган түрү, учурдагы түрүнөн айырмаланышы мүмкүн.

Алгачкы жайгаштыруу: 2021-10-08 06:56:25

Макаланын тарыхына кайтуу

Трансплантация — медицинада кайсы бир органды же тканды алмаштыруу, көчүрүү, мисалы, бөйрөк, жүрөк, боор, өпкө, чучук (сөөк мээси), найлык (стволовой) гемопоэтикалык клетка, чачтар.

Алмаштыруу үчүн органдар же ткандар алынган организмди донор деп аташат.

Органдары же ткандары алмашылуучу организмди реципиент деп дешет.

Тигил же бул трансплантантты кайталап алмаштырууну белгилөө үчүн (мисалы, травмалык ампутацияда) «ретрансплантация» термини кызмат кылат.

Трансплантация эксперименталдык жана клиникалык болуп айырмаланат. Эксперименталдык трансплантация, клиника алдындагы тигил же бул органды же тканды алмаштыруунун бардык биологиялык, хирургиялык жана уштуруучулук маселелерин иштеп чыгуу үчүн зарыл. Экспериментте дээрлик бардык ткандардын жана органдардын трансплантациясын ишке ашырышат. Эксперименталдык трансплантация реципиентке донордук орган же ткан менен алмаштырылгандан кийин анын иммундук реакцияларын изилдөө үчүн керек. Эксперименталдык трансплантация генетикалык жактан айырмаланган жаңы орган же ткандын алмаштырылгандан кийин нормалдуу адаптацияланышына көмөктөшүүчү жаңы дары-дармектерди дагы (мисалы, циклоспорин) иштеп чыгууда маанилүү.

Трансплантациянын түрлөрү:

Чучук (сөөк мээ) трансплантациясы өзгөчө абалда турат, анткени, бул хирургиялык операция эмес, кан куюуунун бир түрүнө кирет.