TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Ыбырай Туманов

Көңүл бургула! Бул барак макаланын 2016-05-23 10:15:47 датасындагы жаңыртылган түрү, учурдагы түрүнөн айырмаланышы мүмкүн.

Алгачкы жайгаштыруу: 2016-05-23 08:46:42

Макаланын тарыхына кайтуу

Ыбырай ТумановТуманов Ыбырай 1888-жылы Каракол уездиндеги, Ак-Булун айылында туулган. Комузчу жана элдик композитор. 1936-1957-жылдары Т. Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясынын эл аспаптык оркестринде иштеген.



Кыргыз ССР эл артисти (1951), СССР композиторлор союзуна мучо болгон. Ы.Туманов эмгек, тынчтыкка арналган «Кенеш», «Октябрь озгорушу », «Колхоз куралышы», «Толкун», «Журогум», «Улуу той», «Москва», «Ала-Тоо» ж. б. куулорду чыгарган.



Ал элдик куулорду жана Токтогул, Айдараалы, Асанаалы, Муратаалы, Карамолдо, Абак жана башкалардын куулорун чебер аткарган. Ы.Туманов куу чыгаруу жагынан башка комузчулардан айырмаланып ырлардын ыргактарынын обондуулугун улуттук обон чыгаруу менен куюлуштурган.



Москвада откон кыргыз искусствосунун (1939), кыргыз адабияты менен искусствосунун (1958) он кундукторуно катышкан . 1990-ж. «Куулор» деген жыйнагы чыккан. Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.