TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Жунусов Масхуд

Көңүл бургула! Бул барак макаланын 2016-05-27 06:19:40 датасындагы жаңыртылган түрү, учурдагы түрүнөн айырмаланышы мүмкүн.

Алгачкы жайгаштыруу: 2016-05-27 06:33:05

Макаланын тарыхына кайтуу

(1919-жылы туулган, Каракол ш.) - философ, философия илимдеринин доктору (1956), профессор (1957). 1940-жылы КМПИнин биология факультетин бүтүрүп, аспирантурада окуган. 1941—43-жылы Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. СССР Илимдер Академиясынын Кыргыз филиалынын Тил, адабият жана тарых институтунун улук илимий кызматкери, сектор башчысы (1949), 1951—63-жылы КМПИнин, кийин КМУнун философия кафедрасынын башчысы, 1963-65-жылы СССР Илимдер Академиясынын Филос. институтунун улук илимий кызматкери, топтун жетекчиси, сектор башчысы, 1965—74-жылы Социология институтунун улук илимий кызматкери, 1989-жылдан ошол эле жерде консультант (Москва). жылы - мурун артта калган элдердин капитализмди аттап социализмге өтүшүнүн жана СССРде улут маселесинин тарыхый тажрыйбасын изилдеген адистерден. Ушул маселелерге байланыштуу жүздөн ашьпс илимий эмгек жазган. Алардын айрымдары кыргыз элинин социализм тушундагы тарыхый тагдырына арналган. Эмгек Кызыл Туу, Эл Достугу ордендери жана медалдар (чет өлкөлөрдөн алгандары да бар) менен сыйланган.