Геморрагиялык диатездер

Геморрагиялык диатездер — кандын көп агуусу менен мүнөздөлгөн оорулардын тобу. Г. д. кан уюу процессинин бузулушунан, башкача айтканда канда тромбоциттердин жетишсиздигинен, канды уютуучу айрым факторлордун кемчилдигинен (гемофилия), кан тамырлардын капталынын жабыркашынан пайда болот. Мында териге,Кененирээк...

Гемоглобиноз

Гемоглобиноз — кызыл кан денечелерде (эритроциттерде) бир же бир нече патологиялык гемоглобиндин болушу. Гемоглобиндин бузулушуна байланыштуу тукум куума оорулардын өзгөчө тобун түзөт. Мында гемоглобиндин өтө көп дефектиси байкалат. Г. айрым географиялык райондордун (Африка, Жер Ортолук деңиз жээги, Түштүк-Чыгыш Азия, Тынч океандын аралдары) элдеринде кезигет. Мында балдардын эритроциттери тез бузулат. Чоң жанаКененирээк...

Гемофилия

Гемофилия — кандын көп агышы менен мүнөздөлгөн тукум куума оору. Кан плазмасында канды уютуучу факторлордун жетишсиздигинен болот. Аны менен эркектер гана ооруйт. Тукумунда бул оору менен оорубаган кишилерде да Г. байкалган учурлар бар. Г-нын белгилери бала чакта байкалып, чоңойгон сайын азая баштайт. Г-нын кээ бир жеңил түрү улгайган убакта болот. Г. мененКененирээк...

Геморрагиялык ысытмалар

Геморрагиялык ысытмалар — адамдын майда кан тамырларын жабыркатуучу вирустук жугуштуу оорулар тобу. Г. ы. оорусун айрым кемирүүчүлөр жана кенелер таратат. Г. ы-дын бир нече түрү (геморрагиялык нефрозонефрит, крым Г. ы. жана башка) бар. Геморрагиялык нефрозонефрит Европа бөлүгүндө жана Ы. Чыгышта кезигет. Майда жапайы кемирүүчүлөр — оору козгогучтун булагы; заңы менен микробду бөлүп чыгарат.Кененирээк...

Геморрой

Геморрой (көк баш) — көтөн чучуктун веналарынын варикоздук (түйүн сымал) кеңейиши. Сырткы жана ички болуп бөлүнөт. Сырткы Г. көтөн чучуктун сырткы веналарынын, ал эми ички Г. көтөн чучуктун ички веналарынын кеңейишинен пайда болот. Г. веналардын тубаса начардыгынан, көтөн чучуктун веналарында кандын начар айланышынан болот. Ага ичтин катышы, көтөн чучукту түрдүү шишиктер, боюнда бар кезде жатындын кысуусу, жатындынКененирээк...

Ген

Ген — тукум куума фактор, тукум куугучтуктун бирдиги. Ал кандайдыр бир эң жөнөкөй белгинин калыптанышында башкы милдетти аткарып, татаал түзүлүштөгү организмдерде хромосомалардын составына кирет. Жыныстык көбөйүүдө тубаса белгилердин кийинки бир нече муундарга өзгөрбөй берилишинин тукум куугучтук закон ченемин 1865-ж. чех окумуштуусу Г. Мендель ачкан. 1909-ж. дания илимпозу В. Иогансен аны Г. деп атаган.Кененирээк...

Генеалогия

Генеалогия (санжыра). 19-кылымдын аягында англ. антрополог Ф. Гальтон кишинин ата-тегин сураштырып жана аны анализдөөнү түрдүү белгилердин (анын ичинде оорулардын) укумдан-тукумга закон ченемдүү берилишин далилдөө үчүн сунуш кылган. Г. ыкмасы медициналык практикада тукум куума оорунун пайда болушун жана анын тукумга кандай коркунучу бар экендигин далилдөө үчүн кеңири колдонулат. Г. ыкмасы тукум куугучтуктун өзгөчөлүгүнКененирээк...