Булганч суулар

Булганч суулар (ыплас суулар) — адамдын чарбалык, турмуш-тиричилик же өндүрүш процессинде булганган жана калк жашаган жерден, өнөр жай ишканалардан канализация аркылуу чыгарылган суу. Суунун булганчтыгына жараша механикалык (тундуруу, чыпкалоо), химиялык, биологиялык тазалоо ыкмалары колдонулат. Б. с-ды бөлүү, кайра иштетүү жана тазалоо маселелерин туура чечүү калктуу жерлерди санитария-эпидемиологиялык жактан коргоо, суу менен камсыз кылуучу булак катары ачык көлмөлөрдү колдонууга мүмкүндүкКененирээк...

Булчуң иши

Булчуң иши — булчуңдарды түзүүчү, дүүлүгүү жана жыйрылуу касиетине ээ болчу талчаларынын иш-аракети. Бардык булчуңдардын негизги касиети анын жыйрылуу жөндөмдүүлүгү болуп эсептелет. Скелет булчуңдарынын иши (дүүлүгүү жана жыйрылуу) борбордук нерв системасынан келген нерв импульстарынын таасири астында гана болот. Булчуңдар жыйрылып, белгилүү иш аткарат. Булчуңдар нерв импульстарынын таасиринен ийкемдүүлүгүн өзгөртүү касиетине жарашаКененирээк...

Булчуң системасы

Адамдын денесинде орто эсеп менен бөөдөн ашык ар түрдүү формадагы жана түзүлүштөгү булчуң эттер бар. Алар чоюлууга, кыскарууга, жооноюуга жана ичкерүүгө жөндөмдүү. Булчуңдардын бир түрү — туура ала булчуң тканынан, экинчиси жылма булчуң тканынан турат. Туура ала булчуңдар негизинен скелет булчуңдарын түзөт. Булчуңдар кыймылдоо, жумуш аткаруу мезгилинде көп энергия бөлүп чыгарат. Ал энергиянын 30%и механикалык иш аткарууга жумшалат. Ал эми анын 70%и жылуулукка айланат.Кененирээк...

Булчуң тканы

Булчуң тканы — жаныбар жана киши организминдеги жыйрылууга жөндөмдүү ткандар. Б. т. жылмакай жана туура ала булчуң болуп бөлүнөт. Ал эми туура ала булчуң скелет жана жүрөк булчуң тканына айырмаланат. Жылмакай Б. т. ички органдардын жана кан тамырлардын керегесинин булчуңдуу катмарын түзөт. Жылмакай Б. т-нын клеткалары уз. 15—500 мкм келип,Кененирээк...

Бурсит

Бурсит — муундардын былжырлуу баштыкчасынын сезгениши. Көбүнчө чыканак, ийин, тизе, кызыл ашык, жамбаш муундары жабыркайт. Катуу кармама Б. демейде кырсыкка чалдыгуунун кесепетинен же ириңдүү оорулардын, мисалы, сыздоок, чыйкан, остеомиелит жана башка, ошондой эле жугуштуу оорулардын (грипп, бруцеллёз жанаКененирээк...

Булчуңдардын түйүлүшү

Булчуңдардын түйүлүшү — булчуңдардын капысынан эрксиз жыйрылышы. Нерв системасынын ооруларында (талма, селейме, невроздор), ууланганда, зат алмашуу жана ички секреция бездеринин иши бузулганда болот. Себептерине жараша капысынан кармайт же мезгили менен кайталанып турат. Кээ бир оорулууларды чочутканда (капысынан катуу үн чыкканда; ийне менен сайганда), терең дем алганда, өтө ысык бөлмөдө, ичкиликти көп ичкенде булчуңдар түйүлөт. Ал бир аз убакыткаКененирээк...

Бут

Бут — таяныч жана кыймыл органы. Б-тун функциясы негизинен үчкө бөлүнөт: бут дененин таянычы (туруп туруу, денени тик абалда кармоо), денени кыймылга келтирет (басуу, чуркоо жана башка) жана секиргенде, чуркагандагы күчтү амортизациялайт. Б. бири-бири менен муун аркылуу бириккен үч бөлүктөн: сан, балтыр жана бут кетменинен турат. Б. дененин тулку менен бут курчоосу аркылуу биригет. Б-тун кыймылы колдукуна салыштыргандаКененирээк...