Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Абдыкадыров Жалил

Баш барак | Биографиялар | Абдыкадыров Жалил

Абдыкадыров ЖалилАбдыкадыров Жалил (1932, Жети-Өгүз району, Чырак айылы —1986, Бишкек) - режиссёр. Кыргыз Республиканын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер (1964), Кыргыз Республиканын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1986). 1946-жылы Каракол шаарындагы М. Горький атындагы педагогикалык окуу жайын, 1954-жылы Тапшендеги А. Н. Островский атындагы театр институтунун режиссёрдук факультетин бүткөн. 1954—60-жылы Ысык-Көл облустук драмтеатрында башкы режиссёр, 1960-61-жылы Кыргыз драмтеатрында режиссёр-коюучу, 1961—73-жылы Кыргыз академ. драмтеатрда башкы режиссёр, 1973—77-жылы Кыргыз Республиканын телекөрсөтүү жана радиоуктуруу мамлекеттик комитетинин адабий-драмалык редакциясынын башкы редактору, 1977—80-жылы Нарын музыкалуу драмтеатрынын режиссёркоюучусу, 1980-жылдан Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство интунда доцент, 1982-жылдан Кыргыз академиялык драмтеатрында режиссёркоюучу, 1983—84-жылы ушул эле театрда башкы режиссёрдун милдетин аткаруучу болуп иштеген. А. орус, батыш классиктеринин жана азыркы кездеги авторлордун чыгармаларын театрлаштырган: В. Шекспир («Король Лир»), М. Горький («Васса Железнова»), Я. Галан («Таң алдындагы сүйүү»), Н. Хикмет («Унутулган адам»), А. Токомбаев («Өлбөстүн үрөнү»), Ч. Айтматов («Бетмебет», «Биринчи мугалим», «Жамила»), Б. Жакиев («Атанын тагдыры»), Т. Абдумомунов («Ашырбай», «Сүйүү жана үмүт»), шаары Садыбакасов (Ак-боз ат»), жылы Абдыкадыров («Олжобай менен Кишимжан»), жылы Садыков («Манастын уулу Семетей»), С. Ахмад («Келиндер козголоңу») жана башкалар 80ден ашык чыгарманы Республиканын жана Москванын театрларына койгон. А. таланттуу режиссёр катары Кыргыз театр искусствосун жогорку деңгээлге көтөрө алды. Бир катар оригиналдуу пьесалардын (13), 3 китептин, интермедиялардын, аңгемелердин, макал-лакаптардын, ырлардын жана башкалар автору, көптөгөн котормолордун ээси. Медалдар менен сыйланган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 1019, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу