Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Абдылдаев Эркинбек

Баш барак | Биографиялар | Абдылдаев Эркинбек

(1954-жылы туулган, Жети-Өгүз району, Ак-Терек айылы) - математик-механик, техникалык илимдеринин доктору (1992), профессор (1993). Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1987). 1976-жылы А. А. Жданов атындагы Ленинград мамлекеттик университетинин математика-механика факультетин бүткөн. 1976—79-жылы СССР көмүр өнөр жай министрлигинин тоо геомеханика жана маркшейдер иштери боюнча Бүткүл союздук илимий изилдөө институтунда аспирант; 1979-82- жылы ошол эле институтта (Ленинград ш.) кенже илимий кызматкер. 1982—83-жылы Каракол мамлекеттик педагогикалык институттун эсептөө математикасы жана программалоо кафедрасында улук окутуучу, 1983—86-жылы доцент, кафедра башчысы, 1986—88-жылы математика факультетинин деканы жана доцент. 1989-92-жылы Кыргызстан Илимдер Академиясында докторант, 1992—93-жылы Каракол башкаруу институтунун илимий жана окутуу иштери боюнча директорунун орун басары. Эмг. негизинен тоо геомеханика жана маркшейдер иштерине арналган. А. илимий жана илимий-методикалык 45 эмгектин (анын ичинде 2 монографиянын) автору.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 444, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу