Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Абдылдаев Рысбек

Баш барак | Биографиялар | Абдылдаев Рысбек

(1950-жылы туулган, Түп району, Светлый Мыс айылы, азыркы Маяк) - онколог, медициналык илимдеринин доктору (1987), 1973—75-жылы СССР саламаттык сактоо министрлигинин Москвадагы Ленин ордендүү Борбордук гематология жана кан куюу илим изилдөө институтунда клиникалык ординатор; Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун госпиталдык терапия кафедрасынын ассистенти (1978-79); СССР МИАнын Москвадагы Бүткүл союздук онкологиялык илимий борборунун Сибирь филиалында (Томск ш.) улук илимий кызматкер; 1981—84-жылы Кыргызстан саламаттык сактоо министрлигинин онкология жана радиология илимий изилдөө институтунда улук илимий кызматкер; 1984-86-жылы СССР МИАнын Бүткүл союздук онкология борборунда стажер-изилдөөчү. 1984—86-жылы Кыргызстандагы клиникалык жана эксперименттик онкология бөлүмүнүн жетекчиси. 1987-жылдан шишикти химжол менен дарылоо бөлүмүнүн башчысы. А-дин илимий эмгектери ооруларга диагностика коюу жана аны дары менен дарылоого арналган. 60тан ашык илимий эмгектин (анын ичинде 8и чет өлкөдө жарыяланган) автору.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 505, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу