Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Абышка менен небере уламышы

Баш барак | Жомок уламыштар | Абышка менен небере уламышы

Абышканын карылыгы жетти. Козунон шор агып, кулагы катуулай баштады. Кашыкты оозуна жеткирерде колу калтырап, тамакты тогуп алчу болду. Абышканын мунусу уулу менен келинине жакпады. Алар абышканы дасторконго бирге отургузбай, тамакты карапа аякка куюп, болок берчу болду. Бир куну карапа аяк абышканын колунан тушуп, сынып калды. Ага уулу менен келини аябай ачууланды. Анан тамакты жыгач аякка беришчу болду. Бир куну абышканын небереси жыгачтан бир нерсе жасап жатты.

Баласынын эмне кылып жатканынын апасы менен атасы сурап калды. Ит аяк жасап жатканын, апасы менен атасы картайганда тамакты ушуга куюп берерин айтты. Апасы менен атасы кызарып, бири-бирине карашты. Ошол кундон тартып абышкага шарт тузушту.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 7141, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-20
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу