Администрациялык укук

Администрациялык укук мамлекеттик башкаруу органдарын уюштурууда жана алардын аткаруу иш аракетинин процессинде келип чыгуучу коомдук мамилелерди жөнгө салат. Администрациялык укугунун негизги булактарына Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдары, Жогорку Кеңештин Указдары, өкмөттүн токтомдору, кодекстер, инструкциялар ж. б. кирет.
Администрациялык укук нормалары аткаруу тескөө иш аракетин жүргүзүүчү мамлекеттик органдарды уюштуруу эрежелерин, ушул органдардын жана аларда иштегендердин, ошондой эле граждандардын, мамлекеттик уюмдарда жана мекемелерде иштегендердин мамлекеттик башкаруу жаатындагы укуктарын жана милдеттерин аныктайт. Бул нормаларда көрсөтүлгөн эрежелер милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш жана мамлекет тарабынан тарбия, уюштуруу, мажбурлоо чаралары аркылуу камсыз кылынат.
Администрациялык укук мамилелерин пайда кылуучу укуктук фактылар: мыйзамдын же башка нормативдик актынын чыгышы, адамдардын аракеттери, табигый кырсык. Администрациялык укук объектиси болуп көбүнчө адамдардын иш-аракети, алардын жүрүм-туруму саналат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)