Администрациялык жаза

Администрациялык жаза - укук нормаларын бузуучуларга карата мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы же кызмат адамы тарабынан мыйзамга ылайык колдонулуучу жаза. Ал жоопкерчилик чарасы болуп эсептелет да, административдик укук бузган адамды мыйзамдарды сактоо, коомдук жашоо эрежелерин урматтоо сезиминде тарбиялоо, ошондой эле укук бузуучунун өзүн жана башка адамдарды жаңы укук бузуулардан алдын алуу максатында колдонулат. Административдик укук бузуулар үчүн колдонуучу жалпы эрежелер жазаларды колдонууда (жасалган укук бузуунун мүнөзү, укук бузуучунун инсандыгы, анын күнөө даражасы, мүлктүк абалы) жоопкерчиликти жеңилдетүүчү жана оордотуучу жагдайларды эсепке алат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)