Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Адыр-Төр мөңгүсү

Адыр-Төр мөңгүсү - Сары-Жаздын түндүк капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Узунугу 6 км, аянты 11,0 чарчы/чакырым. Сары-Жаз суусунун жогорку сол куймасы Адыр-Төр суусунун алабында, Мушкетов мөӊгүсүнүн түштүк тарабында жайгашкан. Мөнгүнүн башы дениз деңгээлинен 5580 м, этеги 3450 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4000 м. Абляция облусунун аянты 4,2 чарчы/чакырым. Адыр-Төр мөңгүсү менен «тили» 1943-ж. өтө тыгыз абалда болгон, 1959-ж. ал 540 мге алдыга жылып, Мушкетов мөӊгүсү жаткан өрөөнгө чыккан. Негизинен кар көчкүлөрдөн куралат. «Тилинин» учунан фирн областына чейинки бети төө карын сымалданып тегиз эмес, жаракалар арбын. Мөӊгүдөн агып чыккан суу Адыр-Төргө сол жактан куят.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)