Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Аэрозольтерапия

Аэрозолдордун дисперсиялык системасын кээ бир ооруларды дарылоодо колдонуу. Мында дарылар аэрозоль түрүндө жаранын бетине, былжыр катмарга себилет жана ингаляция аркылуу дем алуу жолдоруна да таасирин тийгизет. Аэрозолдун бөлүкчөлөрү абдан кичине болгондуктан алар бронхторго, өпкөнүн эң түпкү бөлүктөрүнө кирип, былжыр челдеринен канга тез өтөт. А. табигый жана жасалма болуп айырмаланат. Табигый А.— табигый шартта деңиз суусунун көп элементтери, кээ бир өсүмдүктөр (ийне жалбырактуулар, камфора дарагы, ак кайың) бөлүп чыгарган заттар жана фитонциддер аралашкан таза аба менен дем алуу. Жасалма А. ачык жараат жана теринин оорудан жабыркаган жерине түтөтүү (фумигация), дары чөптөрдүн түтүнү, ошондой эле таза же дары заттуу ысык буу ингаляциясы аркылуу жүргүзүлөт. А-да белгилүү жерге же жалпы таасир берүүгө кургак, нымдуу, майлуу аэрозолдор колдонулат. Ал үчүн атайын бүркүүчү аппараттар бар. Деңиз жана минералдуу сууларды, ар кандай туздардын эритмесин, дары чөптөрдүн маңыздарын, фитонциддерди, антибиотикгерди, бронхторду кеңейтүүчү дарыларды жана башка ингалятор аппараты менен чаңдатып берсе болот. Ингаляция методу менен дем алуу жолдорунун, өпкөнүн ооруларында А. жасалат.

А-нын жасалма түрүнүн бири — электр аэрозольтерапия. Анда аэрозолдор терс же оң иондор түрүндө берилет. Электр аэрозольтерапияда атайын аппараттар — электр аэрозольгенераторлор колдонулат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)