Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Ахматов Токтосун

Баш барак | Биографиялар | Ахматов Токтосун

Ахматов Токтосун(1929-жылы туулган, Ысык-Көл району, Тору-Айгыр айылы) - тилчи, филология илимдеринин доктору (1969), профессор (1970). Кыргызстан Илимдер Академиясынын корр. мүчөсү (1984). 1954-жылы КМУну бүткөн 1957-76ж. Кыргыз мамлекеттик ун-тинин кыргыз тили кафедрасында окутуучу, доцент, профессор. 1974—86-жылы ошол эле кафедранын башчысы, 1986—89-жылы профессор. 1990-жылдан Кыргызстан Илимдер Академиясынын Адабият институтунун кеп мад-ты бөлүмүнүн башчысы. Негиги илимий эмгектери «Кыргыз тилинин фонетика жана фонологиясы» жана «Кыргыз адабий айтымына» арналган.

А. кыргыз диалектологиясын, кыргыз тилинин фонетикалык түзүлүшүн эксперименттик методдорду 1колдонуп изилдеген. 160тан ашык илимий эмгектин (анын ичинде 7 монография) автору. Орто мектеп жана жогорку окуу жайлар үчүн окуу китептерин түзгөн. Кыргыз Республиканын илимге эмгек сиңирген ишмери (1982).

Кыргыз Республикасынын Эл агартуу отличниги (1977). Медалдар менен сыйланган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 1017, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу