Ахваз нефть кени

Ахваз нефть кени — нефтинин дүйнөдөгү ири кендеринин бири. Ирандагы Ахваз шаарына жакын жайгашкан. 1958-жылы ачылып, ошондон бери казылып алынууда. Кен Перс булуңу нефтъ-газ бассейнине кирет. Нефть-газдуу аймактын аянты 400 чарчы/чакырымден ашат. Нефть-газ антиклиналдык бүктөлүүдөгү олигоцен - төмөнкү миоцендин кумдук жана жогорку бордун акиташтегине топтолгон. Алар 2485-3660 м тереңдикте жатат. Нефть жана газ негизинен калыңдыгы 200 м келген кумдуктан казып алынат. Нефтилүү тоотектер тегиз эмес кабат түрүндө жайгашып, анын үстүнө газ топтолгон. Нефтинин тыгыздыгы 865901 кг/мъ, күкүрт 1,5%. Нефтинин баштапкы чыгарып алуу запасы 2400 млн о, газдыкы 311 млрд м3.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)