Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Аялдар консультациясы

Төрөт үйүнүн же поликлиниканын аялдарга акушер-гинекологиялык жардамды ишке ашыруучу дарылоо-алдын алуу мекемеси. А. Шилтеме: аялдарга боюнда бар мезгилде, төрөттөн кийин жана ар кандай гинекологиялык ооруларда адистештирилген медициналык жардам көрсөтөт. Кош бойлуу аялдын токсикозун (талгагын), балдардын ара төрөлүшүн азайтуу максатында А. Шилтеме: кош бойлууларды мүмкүн болушунча эрте каттоого алат. Аларга баланы бойдон алдыруунун зыяндуулугун, тамактануу эрежелерин түшүндүрөт. Жүрөк-кан тамыр системасы "оорулуу. кууш жамбаш чаралуу, мурда кош бойлуу кезинде жана төрөттө кыйналган аялдар өзгөчө катталат. Кабылдоо байкалганда аларды төрөт үйүнө жаткырып, тийиштүү дарылоо алдын алуу чаралары көрсөтүлөт.

А. к-нын ишинде өзгөчө орунду боюнда бар аялдарды төрөткө даярдоо ээлейт. Аялдардын гинекологиялык ооруларын убагында табуу үчүн А. Шилтеме: жылына бир жолу системалуу профилактикалык кароону өткөрөт. Санитария - гигиеналык тарбия берүү максатында «Энелердин мектеби» уюштурулат; анын милдети — аялдарды боюнда бар жана төрөттөн кийинки мезгилдеги өздүк гигиеналарына үйрөтүү, жаңы төрөлгөн балдарды туура тамактандыруу, багууну уюштуруу. А. Шилтеме: жок айыл жерлеринде бул иштерди участкалык оорукана врачынын жетекчилиги менен фельдшер - акушерлик пункт, айылдык төрөт үйү жүргүзөт. Айылда жашаган аялдарга акушер-гинекологиялык жардам көрсөтүү үчүн райондук ооруканадан акушер-гинеколог адистер мезгили менен кыдырып турушат. Боюнда барлар акушер-гинекологдун байкоосунда гана болбостон, ошондой эле терапевттин да көзөмөлүндө болууга тийиш.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)