Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Аялдардын сыпаты

Аялдар|Аялдардын сыпаты тууралуу ар кыл калктардын, анын ичинде кыргыздардын ар кыл тарыхый доорлордогу пикирлери тууралуу маалымат.

Кыргыз аялдарын сыпаттоо варианттары тууралуу ар кыл эмгектер бар. Маселен, этнограф Амантур Акматалиев да айрым эмгектеринде бул маселеге кайрылган.

Элибизде (кыргыз элинде) илгертен бери аялдардын сын-сыпатын талдап, жакшыларын даңктап, начарларын мисал кылып, кылымдан кылымга, ооздон оозго өткөрүп аңыз кылып айтып келген эмеспи. Биз ошол айтылгандарды сыдыргыга салып карап чыгып, айрымдарын дагы бир жолу элдин элегине сунуш этүүнү оң көрдүк. Бүгүн өз турмушубузда дагы Алтын согончок, жез түркүктөр, Жабуулуу кара ингендер, Берекелүү сарамжалдар, Ак жоолук делбирлер, ошону менен бирге, Дүр кабак чабдарлар да бар экенине абай салсак. Өз жашообузду, мүмкүн болсо, асылдар менен өткөрсөк, ал эми начарына туш келсек, аларды жакшы кылып тарбиялап алсак.

1. "Алтын согончок, жез түркүк". Кээде "алтын согончок, жез шыргый" деп да айтыла берет. Бул аялзаттын асылы, эң мыктысы, тунугу. Бул сыпатка зайып ак уул-кызыл кыз төрөп, очор-бачар бактылуу эне болгон чагында жетет. Неберелери да бойго жетип, үй-жайлуу болуп калат. Укум-тукуму өзүнчө эле бир чакан айылдын элиндей. Бала-бакырасы акыл-эстүү, өңдүү-түстүү, бардыгы тең мыкты чыгат. Алган жары журттун аксакалы, эл атасы болот. Зайыптын өз аты айтылбай, "Умай эне", "алтын согончок эне" атка конот. Байбиченин сарамжалы артыкча, улгайса да маңкайып, жез шыргыйдай түп-түз керилген, жез түркүктөй баарына калканч, таяныч болгон кези болот. Төгөрөктүн төрт бурчунан, ар кайсы элден куда-сөөк күтөт. Атак-даңкы узун элдин учуна, кыска элдин кыйрына кетет. Жакшылык-жамандыкта, той-топурда эл-журтунун акылчысы, каада-салттын сактоочусу болот.

2. "Аркар эмчек, акылгөй тараз". Бул зайыптын курагы 30-40тын тегерегинде, бала-бакыралуу болуп калган кези болот. Барган сайын сымбаты чыгып, тоо кийигиндей маңкайып турганы үчүн "аркар эмчек" атка конот. Бою өтө бийик да эмес, жапыс да эмес, тараз болот. Байынын акылчысы, дайыма кайыптан акыл таап, жакшы идеялардын генератору болгондуктан "акылгөй тараз" деп коюшат.

3. "Ак көрпө жайыл" же "ак дасторкон жайыл" атка конгон ургаачы да токтолуп калган кези болот. Дайым эшигинен ат кетпей, үйүнөн конок үзүлбөй, дасторкону жыйылбай, дүйүм аш-тамагын даамдуу жасап жайнатып турганы үчүн ушул сыпатка ээ болот. Ошондуктан алган жарынын дос-тамыры көбөйүп, кадыр-баркы бийиктейт. Мындай үй-бүлөнүн даңкы алыска кетет.

4. "Жабуулуу кара инген". Мындай сыпаттуу зайыптын башкалардан айырмасы – анын көтөрүмдүүлүгүндө. Мындай ургаачы артык баш сүйлөбөйт, барга мактанбайт, жокко кейибейт. Текеберлик, кесир кылуу ага жат. Абысын-ажыны, кайындары менен ынтымактуу. "Аны алып бер, муну жулуп бер" деп эрин кыйнабайт. Оокатчыл: бирин эки, экисин төрт, төртүн сегиз кылат. үйдөгү түйшүктүн көбү мойнунда болсо да, аны эч кимге доомат кылбайт, жүгүн нааразы болбой кудайга ыраазы болуп тартат. Ырыска шерик мындай жар абийирдүү жигитке туш болот, экөөнүн иши бачым алга жылып, тез оңолушат.

5. "Берекелүү сарамжал". Бул зайып ак дасторкон жайылдын бир түрү. Мунун башкалардан айырмасы - өзгөчө сарамжалдыгында. Жыйып-терген оокатын артыкча бир тартип менен кармайт, акыл менен урунат. Бул зайыпта эмнелер гана жок, эмнени издесең ошону ушул үйдөн табасың. Ошол эле учурда сараңдык кылбайт, берекесин элге чачып турат. Колунан баары келген иштүү, жез оймоктуу уз. Аялдарды чогултуп иш кылдырып, дайым сарамжалын арттырып турат.

6. "Ак жоолук делбир". Бул зайыптын али жаш келин аты кетелек болот. Ак жоолугун делбиретип, саамайын желге желбиретип, жарынын мойнуна

асылып ойносо жарашып, оюнга тойбой турган кези. Эки жаш сүйүшүп баш кошкон, келин жарын сүйөт, сыйлайт, урматтайт. Алган жарынын кареги менен тең айланып көңүлүн табат, таттуу тамагын алдына коют, ою менен болот. Кийимин таза кийгизет, каалаганда бетинен сүйгүзөт, ошентип ичти күйгүзөт. Ар бир жаш жигит "менин жарым болсочу" деп эңсеген, оймок ооз калем каш, сулуу ургаачы. Бирок, ал өзүн алган жарына гана арнаган асыл келин. Келечекте мындан жогоруда айтылган мыкты зайыптар чыгат.

7. "Дүнүйөкөй тоту". Бул зайыпты чүпүрөкчү, табылганын зайыбы деп да коюшат. Жылтыраган чүпүрөк-чапырактан, көр дүнүйөдөн кыя өтпөйт. Адамгерчиликтен, рухий байлыктан материалдык байлыкты, көр дүнүйөнү артык деп эсептейт. Тотудай жасанып кийинет, той-топурда, эс алуу жайларында өзүн көрсөткөндү жакшы көрөт. Эринин иши жүрбөй, багы тая түшсө дароо жүдөп-какап калат.

8. "Айчырайлуу ачатил" аталган зайыптар өңдүү-түстүү келишет. Мындай аялдар жөнүндө «айдай чырайыңды албуут кыялың бузат» деп коюшат. Эрди жука, эбиреп-жебирегенге ылайыктуу. Акылы кыскараак, тили узун, узун эле эмес, уу. Жасайм деп аракет деле кылат, бирок колунан түзүгүрөөк иш келбейт, даярдаган тамагынын деле даамы, түрү чамалуу. Убагынын көбүн сулуулануу менен өткөрүп, балдарын, эрин кароого чамасы келбейт. Өзүмчүл, эрин дайым ачуу тили менен басмырлап турууга аракет кылат. Тилине, мамилесине ууланган эринин шору шорподой кайнап жүрө берет.

9. "Ак көңүл алабаш" деген зайып мындай карасаң дурус эле сыяктуу. Бирок ак көңүлдүгүнөн көп эркек пайдаланып кетет да, үйүндө ала-кула балдар пайда болуп эринин көңүлү ооруйт.

10. "Дүр кабак чабдар" атанган ургаачынын кабагына дайыма кар жаап турат. Дүгдүйүп кабагын бүркөп, жөн сүйлөбөй бурк-бурк этип уруштун кебин кылат. Көбүнчө долуланып, идиш-аягын чагып, айтпаганды айтып, аза бойду тик тургузат. Байы да, балдары зирилдеп коркуп, кошуналары теңелбейли деп качып кутулушат. Эрин эле коркутпай, элдин баарын коркуткан адаты бар. Мындай зайыпка жолуккан эрдин шору өмүр бою арылбайт.

11. «Эрди түйрүк карагер, эмгектүү эрге жолуксун» деген эртегиден калган сөз бар. Мындай зайып дегеле ачык-айрым, сөзмөр болот. Эл көзүнө жакшы көрүнүүгө, эрине жакшы караган аял деген атка конууга да амалданат. Бирок болбой эле задисине кетип, эринин кулагынын кужурун алып, ачуу сөздөрдү айтып урушту көп кылат. Мындай аялды урушуп жеңе албайсың.

12. "Жанбагар жалкоо"го жолуккан жигиттин шору. Балдарын баккан, кир-когун жууган, тамак-ашын жасаган өзү болбоско аргасыз. Мындай зайып чубуртуп төрөгөн уруктуу неме болот. Көк ийнени көтүнөн түртө албайт, жасаган тамак-ашынын же тузу жок, же даамы жок. үй-бүлөсүн эмес, өзүн жакшылап күтө албаган жалкоо. үйдүн ичи ачылып-чачылып жыйналбай жатат, коңурсу жытына адам чыдагыс, эри же келген киши чачылгандын ортосун оюп отурушка аргасыз. Ажырашайын десең, биринен-бири кичине балдарың бар. «Кудайдын кылганына кубарыңдын акысы барбы» деп жата бер.

13. "үйдө конок - өкмөт" аял көбүнчө чоңдур-кичинедир бир мекеменин жетекчиси болот. Өйдө отуруп, жиликтин барктуусун алып, кошоматка көнүп алып, үйүнө коноктой мамиле кылгысы келет. Эринин кызматы өзүнө тең же же жогору болбосо, аны теңине албай жаман үйрөнөт. Анын үстүнө эртели-кеч талаа-түздө эркектер менен чогуу жүргөндөн кийин эринин көзүнө чөп салып коёт.

14. "Суу мурун сөпөк" аял аты эле болбосо, касиети начар. Жүдөө. Кебете-кешпирден кудай ага айткан эмес, мурдун шуулдата тартып ушул атка конот. Кеп-сөздү тууралап сүйлөй албайт, ушакты да ыгы менен айта албайт. Казаны кара көө, идиш-аягы кир. Эринин жакасы кирдеп, кийими бырышып майланышып турат. Тамк-ашты да жакшылап жасай албайт. Буга туш болгон күйөө жүдөп-какап жүрүп өтөт, же өзү тыңыраак неме болсо ажырашып кутулат.

15. "Эринчээк шалтак" мурда айтылган жанбагар жалкоонун бир түрү. Мындай аялдын башкалардан өзгөчөлүгү – шалтактап өз боюна карабаган балит болот. Чачы түйдөктөшүп, башты карт-карт тырмап, ар кайсы жерин апчып алып коңурсуп турат. «Кыз кезинде баары эле жакшы, жаман катын кайдан чыгат» деген макал ушундайга абдан туура келет.

16. "Эчки сан тыйтак". Бул аял Суу мурун сөпөктон бир аз тыңыраак болот. Аты айтып тургандай, эчкидей жалакай, тейтектеп жеңил, ачкөз, ары-бери жүгүрүп бирөөнүн чайын ичип, ушак сүйлөп отурганды жакшы көрөт. Дайым чыр чыккан жерде, көрүп-угуп алып сөз ташыйт. Бул дагы эринин шору.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)