Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Аялзаты - Ата Журтка асыл тирек

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Аялзаты - Ата Журтка асыл тирек

Жашоонун, Бүткүл ааламдын керемет сулуулугун, бейпилдигин эне жүрөгү сактап турат эмеспи. Эне мээримин эч нерсе менен салыштырууга болбойт, эненин улуу сезимин сезе билсек, ал ар дайым бийиктикке умтулуп, тунуктукка чакырып, акжолго жетелеп турат. Эненин акыл насаатын эсиңе тутсаң жашоонун туңгуюк жолун жарык кылып көрсөтүп турат. Аялзаты башка кыйынчылык түшкөндө өтө чыдамкайлыгы, күжүрмөн эмгеги менен кыйынчылыктарды жеңип, тоодой арка болуп келишкен. Аял - мыкты сезимдердин энеси, адамды жашаткан күндүн нуру менен эненин сүтү - өмүрдүн өзөгүн түзөт десек жаңылышпайбыз. Элинин бакубат турмушу, гүлдөп өнүгүшү үчүн өз өмүрлөрүн арнап, учурдагы бардык кыйынчылыктарга карабастан кабагым-кашым дебей эмгектенип, кыргыз элинин көөнөргүс тарыхында өзүнүн тунук акылы, зиректиги, эр жүрөктүүлүгү менен Мекен тагдырына кайдыгер карабастан, мезгилдин маанилүү маселелерине тике карап жалтанбаган, турмушта татыктуу орунду ээлешкен, таланты менен тамшандырган даңазалуу айымдар өткөн. Ошолордун жолун жолдоп, үзүлгөндү улап, чачылганды жыйнаган айымдардын мууну өсүп келе жатканын көрүп сыймыктанбай койбойбуз. Аял-эне, аял-жар, аял-жетекчи, аял-илимпоз, аял-ишкер, деги койчу кайсы тарапта болбосун аялзатынын колу тийбеген иш жок го. Дүйнөнүн бейпилдиги, бейиши - эненин таман астында - деген улуу сөздүн өзү гана көп нерсени айтып турат. Көөнөргүс карт тарыхта, коомубузда ар бир инсандын өз деңгээлине жараша орду болот дегендей, энелер жасаган иштери менен эл ишенимине арзыган, анын урмат-сыйына татыган, өлкөнүн социалдык-экономикалык өсүп-өнүгүшүнө өздөрүнүн зор салымдарын кошушкан, калайык калктын сүймөнчүлүгүнө ээ болушкан инсандар.

Өздөрүнүн ишке болгон жоопкерчиликтерин, күжүрмөн эмгектерин көрсөтө алышкан апалар, эжелер, курбулар. Ар кимиси өз дооруна, өз заманына ар түрдүү иштер менен кызмат кылган. Кыргыз элинин бейпилдигине, улуу өлкөсү бар экенине сыймыктанып, элдин кыйынчылыктарына жан эти менен күйгөн, ак жоолук энелердин үнү баарынан калыс экендигин жар салып айтып бүтпөй келебиз жана айта бермекчибиз. (Кыргызстан яалдары китебинен. Замира Акбагышева)

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 4716, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу