Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Айбанаттардын кыштан чыгуусу

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Айбанаттардын кыштан чыгуусу

Кыш - айбанаттар үчүн суук, азык тартыш болгон кыйын мезгил. Өсүмдүк менен тамактануучу жаныбарлар гана эмес, жырткычтар үчүн да тамак табуу оңой эмес. Ал эми курт-кумурска менен тамактануучуларга андан да кыйын: кышында алар кайдан табылсын. Айбанаттардын кыш мезгилинде жашоого ыңгайлашуусу миң жылдардан бери акырындап пайда болгон. Куштардын көбү кышында жылуу жакка учуп кетүүгө көнгөн. Ал эми кыштап калгандары кышында да жем таап жегенге үйрөнгөн.

Жырткычтар болсо башкача кыштайт. Көпчүлүгү кышында чээнге кирет да, бир нече ай ойгонбой уктайт. Демейде алардын бардык органдары нормалдуу иштейт. Ал эми кышкы уйку мезгилинде жүрөгү жай, начар согуп, дем алганы араң эле билинет, ал түгүл кээ бирөөлөрүнүн денеси муздап да калат. Бирок организм ушундай абалда да тамактанышы керек.

Чынында эле ал организмде топтолгон май запастары менен тамактанат. Нормалдуу иштеген организм бул запасты тез эле сарптамак, ал эми тиричилиги жай жүргөн организм аны бүткүл кыш бою керектейт. Кышкысын чээнге кирүүчүлөр: аюу, кашкулак, аламан, суур жана кирпилер. Жерде-сууда жашоочулар да, сойлоочулар да катуу укташат. Жылан, кескелдирик жана башка курт-кумурска, чымын-чиркейлер ийинине жана жаракаларга кирип, уктап кышты өткөрүшөт. Албетте, бардык эле айбанаттар чээнге кирбейт. Жырткычтардын көбү кышында да өзүнө жетишерлик тамагын табат, ал эми алардын калың жүнү кышкы аязга туруштук берет.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 5173, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу