Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Айчүрөк (опера)

«Айчүрөк» (опера) — кыргыздын туңгуч улуттук операсы . Төрт бөлүмдөн, алты сүрөттөн турган баатырдык-патриоттук, эпикалык-лирикалык опера. Либреттосун «Манас» үчилтигинин «Семетей» бөлүмүндөгү «Семетейдин Айчүрөккө үйлөнүшү» аттуу эпизоддун негизинде Ж. Бөкөнбаев, К. Маликов. Ж. Турусбеков, музыкасын В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере жазган. Алгач опера 1939-ж. 12-апрелде Кыргыз мамлекеттик музыка театрында коюлган (дирижёру В. Целиковский, сүрөтчүсү Я. Штоффер, балетмейстри Н. Холфин, хормейстри П. Меркулов, режиссёру В. Васильев менен Куттубаев).

Биринчи коюлушунда ролдорду С. Кийизбаева (Айчүрөк), Ж. Садыков (Семетей), А. Малдыбаев (Күлчоро), М. Сартбаев (Канчоро), М. Махмутова (Чачыкей), А. Куттубаева (Калыйман), X. Темирбеков (Акункан), Н. Кытаев (Бакай), А. Боталиев (Чынкожо), К. Эшимбеков (Толтой) аткарган. Операнын сюжети бири-бирине карама-каршы турган эки күчтүн күрөшүнө негизделген. Бир жагында эл мүдөөсүн көздөгөн Семетей, Айчүрөк, Бакай, Күлчоро, Акункан жана башкалар каармандар, экинчи тарапта Чынкожо, Толтой баштаган ички душмандар, буларга тилектеш Чачыкей, Канчоро, Кыяс турушат. Операнын музыкалык драматургиясын түзүүдө композиторлор кыргыз "Манас" эпосундарун аткаруудагы салттык обондордун, элдик ырлар менен күүлөрдүн жана жалпы эле кыргыз элдик музыкасына таандык өнүгүү ыкмаларынын элементтерин интонациялык, метрдик-ритмикалык өзгөчөлүктөрүн композитордук жогорку чеберчиликте өнүктүрүүгө жетишкен.

Каармандардын музыкалык мүнөздөмөлөрүн жаратууда лейтмотивдерди пайдалануу менен аларды музыкалык драматургиянын өнүгүү жагдайларына ылайык ар кыл өзгөрүүлөргө дуушарлантып, татаал формаларга чейин өөрчүткөн. Семетейдин лейтмотивине манасчылардын байыртадан эл арасына кеңири таралган «Семетей күү» деген күүнүн обону пайдаланылып, эркиндикти, теңдикти баяндаган баатырдык планда чечилген. Айчүрөктүн лейтмотивине А. Огомбаевдин «Күйдүм чок» аттуу лирикалык ырынын обону пайдаланылып, татаал турмуш, чиеленишкен адам тагдырын баяндаган лирикалык маанай тартууланган. Чынкожонун темасы кастыкты, көралбастыкты чагылдырып турат. Операда оң каармандардын образдары өөрчүгөн музыкалык формаларда, ал эми терс образдар кыска репликалар жана речитативдер аркылуу чечилген. Айчүрөктүн образы кеңири, терең берилет. Анын ариясынын өзөгүн кошоктун интонациясы түзөт да, улам өнүктүрүлүп, акырындап өөрчүгөн арияга айланат. Биринчи көшөгөдө Айчүрөк кайгылуу ойдун кучагында турса (душмандардын курчоосунда), экинчи көшөгөдө (Чачыкей менен жолугушууда) анын интонациясында кайраттуулук, кыжырдануу сезилет, андан нары анын назик сүйүүсүн баяндаган интонациялар пайда болот. Операда Калыйман менен Күлчоронун образдарына да кеңири орун берилген. Калыймандын жандуу, шайыр образы эки ыр аркылуу сүрөттөлөт. Биринчи ыры эжеси Айчүрөктүн көңүлүн ачууга арналат (биринчи көшөгө), экинчисинде Айчүрөктүн укмуштуу түшүн жоруйт (үчүнчү көшөгө). Бул ырдын негизин «Ой тобо» аттуу элдик ыр түзөт. Күлчоро кеңири, созулуңку мүнөздөгү элдик музыка менен сыпатталган. Оркестрдин маанилүүлүгү увертюрадан, Семетейдин кошунундагы бийлерден (экинчи көшөгө) байкалат. Семетейдин кошуну көрүнүшүндө кириш музыкага Ж. Богачиновдун «Толгонайдын селкинчек», кыз-жигиттердин бийине К. Орозовдун «Жаш кербез», аялдардын бийине «Тилендинин ботою» күүлөрүнүн, жалпы ыр-бийге «Кыздар» аттуу элдик ырдын темалары пайдаланылган. үчүнчү көшөгөдөгү патриоттукту баяндаган «Аксакал Бакай» деген хордун өзөгүн «Төрөгелдинин какмасы» аттуу элдик күүнүн темасы түзөт. Семетей менен Чынкожонун согушу симфониялык эпизод аркылуу сүрөттөлгөн. «А.» операсы — кыргыз маданиятынын өнүгүш тарыхында зор мааниси бар этаптык чыгарма. Элдик музыкага таянуу менен аларды накта симфониялык өркүндөтүүгө жеткирип, көп үндүү хорлорду түзүү, куплеттик ырларды өөрчүтүлгөн ария жана речитатив жана башкалар опералык формаларга жеткирип, татаал опера жанрын өздөштүрүүдө төл башы чыгарма «А.» операсы жаралды. «А.» операсынын жаралышы Менен улуттук опера өнөрү жаралды. Кыргыз профессионал музыкасынын алтын кенчинен орун алып, кыргыздын улуттук искусствосунун классикасына айланган «А.» операсы жаралган күндөн баштап үзүлбөй коюлуп келе жатат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)