Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Айлана жана тегерек

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Айлана жана тегерек

Биздин айланабызда көп тегерек нерселер бар, анын кээ бири тегеректи элестетет. Булар - дандыр нан, медаль жана тыйын, лимон кесилмеси, кээ бир жемиштерди (алма, дарбыз жана башкалар) туура кесилгендеги көрүнүштөрү. Ал эми алкак, велосипеддин дөңгөлөгү ичке шакек айланага абдан окшош. Айлана жана тегерек бири биринен эмнеси менен айырмаланат? Тегерек - бул айлана менен чектелген бөлүк, ал эми бул тегеректин жээги айлана. Айлана - сызык. Анын сүрөтүн стаканды кагазга коюп айланта ичке сызык менен сызып, чийүүгө болот. Циркуль пайдаланылышы да мүмкүн.

Эгер циркуль болбосо бир барак кагазды жыгач тактайчанын бетине жайып, аны чыйрак жип байланган кнопка менен бастырып, жиптин экинчи учуна карандаш байлагыла: карандаш менен туюк сызык жүргүзгүлө, айлана пайда болот. Тегерек - жалпак фигура. Баракка айлана сызып, аны бойлото тыкан кесип алсаңар, колуңарда тегерек пайда болот. Тегерек менен айлана эгиздин эле өзү: айлана чийсе - тегерек пайда болот, тегерек кессе - кайчынын изи айлананы элестетет. Циркульдун ийнеси туруучу чекит айлана менен тегеректин борбору деп аталат. Лимон кесиндисиниң жана велосипеди дөңгөлөгүнүн борборун оной эле табууга болот. Арабанын дөңгөлөгүнүн чабактары, борборун айлананын чекити менен туташтыруучу кесиндилер - бул айлана менен тегеректин радиустары. Ал эми бири бирин улай, бир түз сызыкта жаткан эки радиус диаметрди түзөт. Тегерек жана айлана, алардын радиустары жана диаметрлери жөнүндө мындан көп кызык мисалдарды келтирүүгө болот.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 10251, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу