Айлануу кыймылы

Айлануу кыймылы — нерсенин кыймылсыз окту же чекитти айланып кыймылдоосу. Жаратылышта жана техникада өтө көп кездешет. Мисалы, планеталардын өз огунда айлануусу, станоктун, механизмдин, агрегаттын бөлүктөрүнүн айлануу кыймылы. Катуу нерселердин айлануу кыймылы эки түрдүү болот: 1) кыймылсыз окту айланганда катуу нерсенин чекиттери, борбордун кыймылсыз бир түз сызыкта жаткан радиустары ар түрдүү чоңдуктагы айланалар боюнча кыймылдайт. Ал эми кыймылсыз түз сызык болсо айлануу огу деп аталат. Айлануу кыймылынын негизги кинематикалык мүнөздөмөлөрү болуп бурчтук ылдамдык жана бурчтук ылдамдануу эсептелет. Катуу нерсенин кандайдыр бир чекитинин сызыктуу ылдамдыгы J айлануу огунан бул чекитке чейинки аралыкка түз пропорциялаш: ϧ=Rω, R - айлануу огунан нерсенин берилген чекитине чейинки аралык, ω - бурчтук ылдамдык. Ар кандай убакытка туура келген айлануу кыймылында нерсенин чекиттеринин бурулуу бурчтарынын чоңдуктары бирдей, 2) кыймылсыз чекитти айланганда катуу нерсенин чекиттери борбордо ошол кыймылсыз чекит болгон сфералык бет боюнча кыймылдашат. Нерсенин ар кандай чекитинин ылдамдыгы ϧ=Rω, мында R - радиус-вектор. Айлануу кыймылынын динамикасынын негизги формуласы: Мсырт=∆L/∆t, мында ∆DL - нерсенин импульс моментинин ∆t убакытта кыймылсыз чекитке карата өзгөрүшү, Мсырт - ошол чекитке карата нерсеге аракет эткен бардык күчтөрдүн моменттеринин суммасы.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)