Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Айнек

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Айнек

Археологиялык казуу мезгилинде илимпоздор Египеттен эң сонун айнек ваза табышкан. Анын формасы кооз, айнеги өтө сапаттуу экен. Бул табылга мындан 3 миң жылдай мурда жасалганы белгилүү болгон. Байыркы Египетте айнектен ар кандай жасалга буюмдарын, идиш-аяк жасашкан. Египет биздин заманга чейинки мезгилдерде айнек жасоонун байыркы замандагы борбору болуп келген. Бул жерден айнек буюмдар көп өлкөлөргө жөнөтүлүп турган. Археологиялык казуулар илимпоздорго байыркы Орусияда да айнек буюмдар, ошондой эле храмдарды кооздоодо мозаика үчүн керектелген айнек жасалгандыгын аныктоого мүмкүндүк берди. Албетте, айнек жасоо ыкмалары байыртан бери бир кыйла өзгөрүүгө дуушар болду. Айнек - таң каларлык материал.

Киргилт ак кум, ошондой эле киргилт сода жана башка материалдарды аралаштырып, меште жогорку температурада эритилгенден кийин тунук, илээшкек масса даяр болот. Аны таптап - терезе айнегин, үйлөп - стакан, графин, ваза сыяктуу буюмдарды жасаса болот. Бирок айнектен идиш-аяк, күзгү, жасалга буюмдар гана эмес өзгөчө тунук, жогорку сапаттуу оптикалык айнектен фотоапараттын, кино тартуучу камеранын объективи даярдалат. Ал эми химиялык лабораторияларда айнек колба, түтүк, ийрекчелер канча! Миллиарддаган жарык берүүчү лампалар - булар да айнектен жасалат.

Адатта айнектей морт деп айтылган менен, азыр болоттон да бышык айнек жасалат. Мындай айнектен механизмдердин тетиктери даярдалат. Автомобиль менен самолёттун терезесине чыңалган айнек салынат. Ал абдан бышык: бир килограмм болот шарды адамдын боюндай бийиктиктен ушундай айнек тактага таштаса да сынбайт! Эгер мындай айнек сынса да, анын сыныктары тилип же кесип кеткидей курч эмес, мокок абалында быркырап кетет. Демек кокус машина аварияга учурап, айнектери сынса андагы адамдар айнек сыныгынан жабыркабайт.

Айнектен жасалма була жасалат, андан болсо отко күйбөй турган кездемелер токулат. Химиялык чайырга каныктырылган айнек кездемеден жеңил автомобилдердин кузову, чакан кемелердин тулкусу даярдалат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 2232, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу