Айтымбетов Орозобек Абдылдаевич

Айтымбетов, Орозобек Абдылдаевич - жазуучу, драматург. Ысык-Көл районуна караштуу Сары-Камыш айылында 1947-жылы 16-августта туулган. 1967-жылы Токмок шарындагы кыргыз мектептери үчүн орус тили мугалимдерин даярдоо боюнча бир жылдык курсту, 1976-жылы КМУнун филология факультетинин сырттан окуу бөлүмүн бүтүргөн.

О. Айтымбетов эмгек жолун 1964-жылы Ысык-Көл кемечилигинде матрос болуп иштөө менен баштаган. 1967-жылдан Ысык-Көл, Ат-Башы, Кочкор райондорунун мектептеринде мугалим болуп, 1972-жылдан райондук «Заря коммунизма» гезитинин редакциясында котормочу, 1974-жылдан «Кыргызстан маданияты» гезитинде адабий кызматкер, 1975-жылдан «Жаш ленинчи» журналында адабий кызматкер, улук редактор, 1980-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгында Ысык-Көл облусу боюнча адабий кеңешчи, 1984–1985-жж. Кыргыз ССРинин театралдык коомунун актерлор үйүнүн директору, 1987 - 1988-жж. «Кыргызфильм» киностудиясында улук редактор-сценарист болгон.

Чыгармалары 1972-жылдан баштап гезит беттерине жарыялана баштаган. 1976-жылы биринчи аңгемелер жыйнагы «Бүтпөгөн ыр» деген ат менен жарык көргөн. Анын аңгемелери орус, англис, француз, немис жана чех тилдерине которулган.

«Апенди», «Совет бийлиги үчүн», «Жаңылуу» жана «Жаза» ж. б. пьесалардын автору.

Кыргыз тилине М. Горькийдин, Л. Андреевдин, И. Буниндин, А. Фадеев-дин ж. б. чыгармаларын которгон.

1980-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Кыргызстан ЛКЖС БКнын Ардак грамотасы менен сыйланган.

2007-жылы «Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу» ардак наамын алган.

Бүтпөгөн ыр: Аңгемелер. - Ф.: Мектеп, 1976. - 51 б.

Аңыз жыты: Повесттер жана аңгемелер. - Ф.: Кыргызстан, 1987. - 160 б.

Кызыл өрүк: Аңгемелер. - Ф.: Мектеп, 1980. - 160 б.

Ата журттун үнү: Аңгеме-эсселер. - Ф.: Кыргызстан, 1987.

Бир мүшөк кар: Аңгемелер. - Ф.: Мектеп, 1987.

Бир мүшөк кар: Аңгемелер. Бөбөктөр үчүн. - Ф.: Адабият, 1989. - 16 б.

Бала кыялы: Аңгемелер: Өспүрүмдөр үчүн. - Ф.: Адабият, 1990. - 112 б.

Аруу жесир: Аңгеме. – Балыкчы, 2000. – 132 б.

Сошлись дороги: Повести и рассказы. - М.: Мол. гвардия, 1982. - 208 с.

Жаканов Илья. Кертолгоо: Роман: Өспүрүмдөр үчүн. - Ф.: Адабият, 1989. - 224 б.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)