Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Ак бантик

Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | Ак бантик
СөзүМ. Алыбаевдики
ОбонуМ. Алыбаевдики

Эске келет күндөр күлүңдөгөн,
Кучакташып мойтондошуп бирге жүргөн.
Кызыл көйнөк жарашып келбетине,
Чүрөк элең, биринчи чүрөктөрдөн.

Кайырма:

Ак бантик тагып чачына,
Осмону коюп кашына,
Жөнөйсүн мектепке чоң жол менен,
Келе жатам жашынып артында.

Кандай бир сонун бала күндөр,
Жаңырык күлкү шаңдуу күндөрдө.
Өтүптүр эң биринчи сүйүүлөр.

Мен сен үчүн секирип аккан суудан.
Мен сен үчүн балдарды далай ургам.
А, сен болсо, карабай басып кеттин,
Сүйөмүн деп бир баланы башка айылдан.

Кайырма:

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 1056, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2021-08-28
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо