Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Ак чыны

Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | Ак чыны
Ак чыны
СөзүБ. Сарногоев
ОбонуБ. Нишарапов

Чаңкаганда чай ичкин деп сен мага,
Белек кылып берген эле жаш сулуу.
Колдон түшүп сынып калды кокустан ай,
Атаганат өмүрүнүн аздыгы.
Ак чыны ай, ак чыны,
Атаганат өмүрүнүн аздыгы.

Ошол күнү чыны жатты быркырап,
Ар бир сынык өз алдынча буркурап.
Сен сынсан да, сени сунган перизат ай,
Жашаса экен жары менен ынтымак.
Ак чыны ай, ак чыны,
Жашаса экен жары менен ынтымак.

Кош бол эми, кооз гүлдүү ак чыны,
Сага жетпейт чынылардын актыгы.
Сен сынсан да сени сунган перизат ай,
Жашаса экен жары менен бактылуу.
Ак чыны ай, ак чыны,
Жашаса экен жары менен бактылуу.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 5198, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-04-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу