Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Ак кайың (ыр)

Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | Ак кайың (ыр)
Ак кайың (ыр)
СөзүА. Осмоновдуку
ОбонуЖ. Муратованыкы

Жарашыктуу жаштайын,
Жадыраган жаз сайын.
Жаш күнүмдөн тең өскөн, ай,
Жакшынакай ак кайың.

Кайырма:
Бутагыңа коноюн,
Кыштын жолун тороюн.
Жаштыгыңды менден ал ай,
Аккан сууң болоюн.

Тамашалуу жаштайын,
Тармалданган жаз сайын.
Тай күнүмдөн тең өскөн ий,
Татынакай ак кайын.

Кайырма:

Мен өзгөрдүм, сен көрдүң,
Мен да көрдүм өнгөнүң.
Жаштыгымды кайра бер ий,
Сурабайм андан бөлөгүн.

Кайырма:

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 2008, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-11-26
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу