Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Ак кайың (ыр)

Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | Ак кайың (ыр)
Ак кайың (ыр)
СөзүС. Жусуевдики
ОбонуР. Абдыкадыровдуку

Көрүнүп көзгө дапдайын,
Көчөдө жалгыз ак кайың.
Калтырап турат сумсайып
Кар басып бутак-шактарын.

Ал эстейт жайдын кечтерин,
Атырды гүлдөр сепкенин.
Кыз-жигит келип түбүндө,
Кыналып тургап кездерин.

Көңүлгө көңүл кезигип,
Көңүлдөн көңүл эзилип.
Какканы эки жүрөктүн,
Кайынга турчу сезилип.

Ак карды азыр жамынып,
Аяздан жүдөп кайыгып.
Жалдырап турат ак кайың,
Жаз менен жайды сагынып.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 1123, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-11-26
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо