Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Акматов Таштанбек

Баш барак | Биографиялар | Акматов Таштанбек

Акматов Таштанбек(1938-жылы туулган, Тоң району, Көк-Сай айылы) - мал чарба өндүрүшүнүн новатору, мамлекеттик ишмер. Кыргыз ССРинин мал чарбасына эмгек сиңирген устаты (1974). Эки жолку Социалисттик Эмгектин Баатыры (1976,1986). 1977-жылы К. И. Скрябин атындагы Кыргызстан айыл чарба институтун сырттан окуп бүтүргөн. 1955-жылдан Тоң районундагы 22-партсъезд атындагы колхоздун баш чабаны болуп иштеген. 1976—82-жылы койдон төл жана жүн алууда эң жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен. А. бригадалык көтөрүп алып иштөө ыгын 1-колдонгон. 1982-жылы республикада 1-болуп ирилештирилген 9 кишиден турган чабан бригадасын түзүп, ал бригада 4 короо койду (2014 баш, анын ичинде 1505 тубар кой) баккан. 1983-85-жылы анын бригадасы ар жүз тубар койдон 143 козу, 5,1 кг жүн алган.

1987-90-жылы Кыргыз ССР жогорку Кеңешинин Президиумунун төрагасы. 1991-жылдан Тоң районундагы «Ак-Булуң» дыйкан чарбасынын жетекчиси. Кой чарбасын ургаалдаштыруу проблемалары боюнча бир нече эмгектин автору: «Ийгилик эмнеден башталат» (1979), «Чабан жана сакмалчы» (1982), «Кой чарбасындагы коллективдик подряддын экономикалык натыйжалуулугу» (1984). 1974-жылдан СССР Жогорку Кеңешинин депутаты, 1989—91-жылы СССР эл депутаты, 1987—90-жылы Кыргыз ССР жогорку Кеңешинин депутаты. СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1982). А. 3 Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган.

А-дун бюсту Тоң районунун Ак-Сай айылына 1988-жылы тургузулган (айкелчиси Т. Садыков, архитектору Б. Изаева).

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 565, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо