Акөлөң сиенит кени

Акөлөң сиенит кени Ысык-Көл облусунун Тоң районунда, Балыкчы шаарынан 18 км түштүктө, Акөлөң кыштагынан 4 км түштүк–батыш тарапта, Оттук тоосунун түштүк этегинде, деңиз деңгээлинен 1720–1860 м бийиктикте. 1974–75-жылдары Түндүк Кыргыз геол. экспедициясы чалгындаган. Кен аймагы Таш-Көмүр мезгилинин аягы–пермь мезгилинде пайда болгон сиенит тоотектеринен түзүлгөн. Кен ири кристаллдуу сиенит штогунан турат. Штоктун узундугу 230 м, туурасы 100–130 м. Ири кристаллдуу сиенит боз, көгүлтүр жана бозомук кызгылт түстө болуп, анортоклаз, биотит, роговой обманка ж. б. минералдардан түзүлгөн. Алардын эң коозу жана кубулжуп көрүнгөнү – анортоклаз. Ал башка кристаллдарга караганда бир нече эсе чоңураак келип, сиениттин порфир сымал негизги структурасын түзөт. Мында ири кристаллдар 15–60%. Алардын узундугу 30 см, туурасы 8 смге жетип, жылмаланган таштын бетин караганда кубулжуп, эң кооздугу менен асылдуулугун арттырат. Блоктордун чыгышы 64,7% түзөт. Калыңдыгы 40 мм болгон даяр такталардын чыгышы–9,9 м2/м3. Узундугу 1–2 мге жеткен бышык жана жакшы жылмаланган такталар алынат. Кендин запасы А категориясы боюнча 356,6 миң м3, В – 595,1 миң м3, С1–390,9 миң м3. Алар менен имараттардын ички жана сырткы дубал беттерин каптап кооздосо болот. Ал эми кубулуп турма кооз кристаллдар майда асем буюмдарды жасоого жарактуу.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)