Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Аксак кемпир бапалак оюну

«Аксак кемпир бапалак» оюну - жаштар оюну. Ойнолуучу жердин чеги белгиленип, «Аксак кемпир бапалак» дайындалат. Ал эки колун бириктирип, отко күйүп калган сыяктанып, алаканын үйлөп, оюнчуларга келип: - Мен дарыядан кантип өтсөм болот? - деп сурайт. Алар: «Дарыядан кааласаңыз сүзүп же кечип өтүңүз» - дешет. Ал оюнчуларга дагы жакыныраак келип, алаканын үйлөй берет. Оюнчулардын бири: «Караңгыда от үйлөгөн ким, эмне издеп жүрөсүң?» - десе, «Мен аксак кемпир бапалакмын, менин баламды көрдүңөрбү?» - деп суроо берет. Оюнчулар - «Балаң дарыя жакта жүрөт» деп айтып, туш тарапка качышат. «Аксак кемпир бапалак» ачууланып, аларды кармап алуу үчүн кубалайт. Белгиленген чектен аша чуркап чыгып кеткен, ошондой эле кармалып калган оюнчу ырдап, бийлеп, табышмактын жандырмагын табууга тийиш.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)