Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Албарсты

"Албарсты" кыргыздардын мифтик элестетүүсүндө бою бокордой, өңү сары, чачы саксайган, эмчеги салбыраган кебетеде айтылат. Албарсты кыргыз мифтеринде (аңыздарында) кара албарсты, сары албарсты жана сасык албарсты деген топторго бөлүнүп айтылат. Албарсты жаңы төрөгөн аялдын өпкөсүн сууруп алып, сууга салып жиберсе, төрөгөн аял өлүп кетет имиш.

Албарсты жөнүндөгү мифтик баяндарга албарстыны кармай турган, кууй турган "куугунчу" адамдар болот имиш. Албарстыны бүркүт көрөт экен да көргөн жерден чеңгелдөөгө даяр экен. Ошого, албарсты бүркүттөн да коркот имиш. Албарстыны куугунчу кармап алса, андан ант алып каргатып, жамандык жасабастык убадасын алат имиш (өлтүрсө өлбөйт). Албарсты кармап, аны каргантканы жөнүндө мындайча миф айтылат. Илгери бир куугунчу камгак күү болуп кубулуп алган албарстыны көрүп, дароо жетип барып, төбө чачынан кармап, табылга саптуу камчысын кезеп турат: - Эй, албарсты, эми кутула албайсың, эми кутулам десең кубулма дубаңды үйрөт, андан мен турган жерге жолобос үчүн ант бер, - дептир.



"Албарсты" ал шартына көнүп, мындай ант берген экен: - Алайың - булайың болоюн, Карайың - курайың болоюн. Алдыңан кыя өтпөйүн. Артыңан кылапат айтпайын. Кепичин тиштеп малайың болоюн. Айланып карасам, аяктай сууга чөгүп өлөйүн.



Чөгөлөбөсөм, чөйчөктөй сууга чөгүп өлөйүн! Баскан изим аркамда калсын, Көлөкөм көчүгүмдө калсын, Көк кежигемдин чуңкурун көрбөй калайын. Албарстынын дагы бир образы алдамчы экен да, ар кандай нерсени алдайт, азгырат имиш. Жогорку каргышынан карасак да алдамчы сөздөрү көрүнүп ашкере айтылып турат. "Албарсты" жаратылышта, чындыкта бар нерсе эмес, ал куугунчу аттуу сөзгө чечен, чыгармачылык көрөңгөсү бар адамдар жагынан наристе элестетилген адабий. Ошол образ аркылуу адамдарды сак болууга, таза болууга, айлана-чөйрөсүнө баам коюп жүрүүгө умтулткан көркөм адабият экени көрүнүп турат.



Айтмак, албарстынын элестетилип айтылышы жаңы төрөттөн кырсык болуунун себебин көркөм адабиятка көтөрүп түшүндүрүүгө умтулган мифтик наристе баян эсептелет.

Жайгаштыруу: 2017-08-14, Көрүүлөр: 1104, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-08-14
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо